Бишкек ЖЭБинде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

  • 6 месяцев мурун

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияга байланыштуу аталган аймакка өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу 2-февралдагы маалымат жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, учурда кырсыктын себептерин атайын комиссия иликтеп жатат. Министр авариянын кесепетин жоюп, жылуулукту толук берүүгө беш күндөн жети күнгө чейин убакыт керектелерин билдирди.

«Бишкектеги бардык үйлөрдө жылуулуктун санитардык нормасы берилип турат. Учурда Бишкек жылуулук борборунда эки блок иштеп жатат. Бүгүн кечке чейин дагы төрт блокту ишке киргизүүгө аракет көрүлөт”, — деди министр Ажыкеев.

Бүгүн, 2-февралга караган түнү Бишкеке жылуулук электр борборунда авария болуп, үч адам жабыркады.

Кырсык ЖЭБдин эски бөлүгүндө болгонун энергетика министринин орун басары Насипбек басма сөз жыйынында билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты