Миграция министрлиги мигранттарга Орусияда 2025-жылы күчүнө кире турган мыйзамдар тууралуу эскертти
- 2 дня мурун
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кыргызстандык жарандарга 2025-жылдын башынан тартып күчүнө кире турган Орусиянын миграциялык мыйзамдарындагы өзгөртүүлөр тууралуу маалымат берди.
Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 1-январынан тартып Орусияда чет өлкөлүк жарандар үчүн жаңы эрежелерди камтыган федералдык мыйзам күчүнө кирет. Жаңы эрежелерге ылайык, чет өлкөлүк жарандар Орусиянын аймагында уруксат берүүчү документтери жок бир календардык жылдын ичинде 90 суткадан ашык жүрө алышпайт. Бул мөөнөт Орусиянын мыйзамдарында каралган негиздер болгон учурда узартылышы мүмкүн экендиги айтылды.
«Муну менен катар, 20255-жылдын 5-февралынан баштап “Орусия Федерациясындагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө” федералдык мыйзамынын айрым жоболору күчүнө кирет. Анда Орусия мыйзамдуу болууга укугу жок чет өлкөлүк жарандарга карата “өлкөдөн чыгаруу режимин” киргизүү каралган. Ошондой эле көзөмөлгө алынган адамдардын реестрин түзүү менен «көзөмөлдөнүүчү адам» түшүнүгү киргизилет»,- деп айтылат маалыматта.
Министрлик Орусияда мыйзамсыз жүргөн кыргызстандык жарандар жогоруда аталган реестрге киргизилиши мүмкүн экендигин белгилеген. Реестрге киргизилген адамдардын транспорт каражаттарын башкаруу, айдоочулук күбөлүк алуу, кыймылсыз мүлктү сатып алуу же ажыратуу, жеке ишкер катары катталуу, никеге туруу, акча которуу ж. б. мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болору айтылды.
Мындан улам Миграция министрлиги кыргыз жарандарын Орусияда мыйзамдуу жүрүүгө чакырып, аталган өлкөдө күчүнө кире турган жаңы эрежелер менен жакшылап таанышып чыгууну сунуштады.
Сүрөт: интернет булактары