Мэрия таштанды челектеринен бөтөлкө, банка чогулткандарга айып пул салынарын эскертти

  • 4 недели мурун

Бишкек шаарынын мэриясы таштанды челектеринен кайра иштетилүүчү материалдарды, башкача айтканда, бөтөлкөлөрдү, банкаларды жана башка буюмдарды чогултуу мыйзам бузуу экендигин айтты. Ал эми мындай ишке баргандарга айып пул салынарын эскертти.

«Мыйзамга ылайык, контейнердик аянтчаларда жайгашкан таштандылар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчиги болуп саналат»,-деп айтылат мэрия тараткан маалыматта.

Ошондой эле мэрия бул иш-аракеттер мыйзамды гана бузбастан, контейнер аянтчаларынын айланасында башаламандык жаратып, андан ары борбордун сырткы көрүнүшүн бузарын кошумчалады.

Бул тыюу Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелеринде бекитилгени жана аны бузгандарга муниципалдык инспекция тарабынан айып пул салынары айтылды.

Сүрөт: Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты