Менчиктештирүү боюнча “Акун” пансионатына доомат жок экени айтылды

  • 1 год мурун

“Акун” пансионаты мамлекеттин балансына кайтарылган эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасынын орун басары Медер Машиев билдирди.

Анын айтымында, объектти менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугу тууралуу мамлекетик мүлктү башкаруу боюнча фондунун ”Акун” пансионатына эч кандай дооматы жок.

”Балким маселе башка кылмыш иштеринин алкагында каралып жаткандыр. Бирок обьектти менчиктештирүүдө көйгөй жок” деди Медер Машиев.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2008-жылы Ысык-Көл райондук соту тарабынан “Акун” пансионатына жер тилкесин жеке менчикке берүү жөнүндө чечимди мыйзамсыз чыгарганын билдирген.

Мыйзамсыз чыгарылган соттун чечимине даттануу демилгеленген. Жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылган. Анын баасы 371 миллион сомго бааланган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты