“Акун” пансионатына 2008-жылы мыйзамсыз берилген жер тилкеси кайтарылды

  • 2 года мурун

“Акун” пансионатына 2008-жылы мыйзамсыз берилген жер тилкеси кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

«2008-жылы Ысык-Көл райондук соту тарабынан “Акун” пансионатынын жеке менчигине Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жайгашкан 17,65 гектар жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз чечим чыгарылган. Анын натыйжасында ыйгарым укуктуу мамлекеттик каттоо органы тарабынан жеке менчик укугуна мамлекеттик акт мыйзамсыз берилген.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамсыз чыгарылган соттун чечими боюнча даттануу козголуп, жыйынтыгында мыйзамсыз берилген жер тилке мамлекеттин балансына кайтарылды. Жер тилкенин баасы 371 миллион сомго бааланган», — деп айтылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты