Мелис Аспековдун ачкачылык жарыялаганы айтылууда

  • 2 года мурун

Мелис Аспеков айып изоляторунда ачкачылык жарыялаган. Бул тууралуу анын карындашы Венера Какешева өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

«Бүгүн агам Мелис Аспековго азык-түлүк жеткиргенге бардым. Түнү бою даярдадым. Бир жумада бир барам. Саат 13:30да алып барып, киргизгем. Саат 15:49да азык-түлүктөрдү алып кетишим керек экендигин айтып, №3 колониядан чалышты. Менин агам ачкачылык жарыялаптыр»,- деп жазган ал.

Ошондой эле Какешева Мелис Аспековду «анын видеолорунан кийин» айып изоляторунда 37 күндөн бери адам чыдагыс шартта кармап жатышканын жазган.

«Башында аябай суук болгон. Бир жума бою муздак жерде кармашты. Камера өлчөмү — 1,5 x 3 метр. Агама бир нерсе болсо, жоопко тартыласыңар»- деген ал.

Эске салсак, акыркы учурда Аспеков абакта саясий өңүттөгү видеолордун сериясын тартып, аны активист Тилекмат Куренов өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялап турган.

Кошумчалай кетсек, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Мелис Аспековду Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренеси (Кылмышка даярдык көрүү) жана 278-беренеси (Массалык баш аламандыктар) менен күнөөлүү деп таап, 7 жылга эркинен ажыраткан.

Ага чейин Мелис Аспеков опузалоо беренеси менен алты жылга соттолуп, президенттин ырайымы менен абактан бошотулган.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты