Мектептерде окуу 11-январдан башталат

  • 1 год мурун

Билим берүү министрлиги Кыргызстанда мектептерде окуу 11-январдан башталарын билдирди.

Мектеп окуучулары үчүн кышкы каникул 2022-жылдын 31-декабрынан 2023-жылдын 10-январына чейин белгиленген.

Үчүнчү чейрек 20-мартта жыйынтыкталып, окуучулардын жазгы каникулу 29-мартка чейин созулат.

Жогорку Кеңештин 15-декабрдагы жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева 509 мектеп карантинге жабылганын билдирген эле.

Кийинчерээк Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти мектептердеги карантиндин мөөнөтүн 30-декабрга чейин узартууну сунуштаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты