Санэпидем көзөмөл кызматы мектептердеги карантинди узартууну сунуштады

  • 1 год мурун

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти мектептердеги карантиндин мөөнөтүн 30-декабрга чейин узартууну сунуштады.

Расмий маалыматка ылайык, соңку бир күндө өлкөдө сасык тумоо менен ооруган 6,5 миңден ашык учур катталды. Департамент балдар арасында ооругандар көбөйүп жатканын эскертти.

«Ооруп жаткандардын ичинен балдардын саны 68,7%тен 72,6%ке көбөйгөнүнө байланыштуу мектептердеги карантиндин мөөнөтүн узартуу, онлайн окутууну улантуу жана балдардын билим берүү жайларын 30-декабрга чейин жабуу тууралуу Билим берүү министрлигине кат жөнөтүлдү»,-деп айтылат маалыматта.

Билим берүү министрлиги карантинге байланыштуу кандай чечим кабыл алынарын жарыялай элек.

Буга чейин аталган департамент соңку бир аптада сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция 44 миңден ашык кишиден аныкталганын билдирген. Кыргызстанда тумоого кабылгандар кескин көбөйгөнү мындан эки апта мурда байкалган.

Балдар арасында ооругандар көбөйгөнүнөн улам Кыргызстанда мектептерде 15-декабрдан 24-декабрга чейин карантин жарыяланып, онлайн окутуу башталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты