MEGA’нын байланышы үзгүлтүккө учурады

  • 10 месяцев мурун

MEGA’нын байланышы үзгүлтүккө учарды. MEGA компаниясы магистралдык каналдагы оптикалык кабелдин үзүлгөндүгүнө байланыштуу түйүндүн иштөөсүндө  мүчүлүштүктөр болуп жаткандыгын  билдирди.

«Компаниянын  техникалык адистери көйгөйдү мүмкүн болушунча кыска убакыттын ичинде чечүүнүн үстүндө иштеп жатышат. Учурда кызмат көрсөтүү калыбына келтирилип жатат жана жакынкы арада абоненттерибизге сапаттуу байланыш кызматтары көрсөтүлө баштайт. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз», — деп жазылат маалыматта.

Кечээ, 11-октябрдагы аукциондо “Альфа Телеком” ишканасы 14 миллиард 800 миллион сомго сатылган. Компаниянын 100 пайыз акциясын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты