Медиасын: ЖМКда ыдык көрсөтүү көйгөйүн чагылдыруу эмне үчүн маанилүү?

Ыдык көрсөтүү маселеси акыркы жылдары Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарында көбүрөөк чагылдырыла баштады. Айрым медиалар укук коргоо органдарынын ыдык көрсөтүү болгон учурлар тууралуу пресс-релиздеринин негизинде жаңылыктарды берсе, айрымдар бул маселени чечүү жолдору сунушталган чоң макалаларга чейин жазып келишет. 

Ыдык көрсөтүү маселесин ЖМКда чагылдыруу эмне үчүн маанилүү жана бул маселени чечүүгө канчалык жардам берет? 

Ыдык көрсөтүү же харассмент түшүнүгү

Ыдык көрсөтүү же харассмент — адамды кемсинтип же таарынткан, ал үчүн жагымсыз чөйрөнү жаратып, уялуу же коркуу сезимин пайда кылган кыймыл-аракеттерди сүрөттөөчү түшүнүк. Бул көчөдө адамдын артынан ышкыруудан тартып, жыныстык катнашка мажбурлаганга чейинки аракеттер, сөздөр же жесттер болушу мүмкүн. Олдоксон тамаша, мазактоо, тийишүү, аңдуу, коркутуу, адепсиз кыйытмалар — мунун бардыгы харассменттин формалары болуп эсептелет. 

Адам ыдыкка жумушта, көчөдө, үйдө, социалдык тармактарда, жалпылап айтканда, бардык жерде туугандары, тааныштары же чоочун адамдар тарабынан кабылышы мүмкүн. 

#MeToo: Ыдык көрсөтүү маселесин чагылдыруудагы секирик

“Харассмент” сөзү АКШнын жалпыга маалымдоо каражаттарында 1970-жылдары эле сексуалдык ыдык көрсөтүүгө каршы өткөн митингдерди чагылдырууда колдонула баштаганы менен, 2017-жылы голливуддук актрисалар баштаган #MeToo кыймылынан кийин бул термин дүйнө жүзү боюнча кеңири жайылып, ЖМКларда харассмент темасына өзгөчө көңүл бурула баштаган.

Ал эми Кыргызстанды карай турган болсок, “Азаттык” радиосунун сайтынан харассмент тууралуу 2003-жылдан берки материалдарды табууга болот. 

Учурда бул теманы тереңдеп жазган медиалардын бири — “Клооп” басылмасы. Басылманын сайтынан “харассмент” ачкыч сөзү менен Кыргызстанда жана чет өлкөдө ыдыкка кабылган окуялар, сунушталып жаткан мыйзам долбоорлору тууралуу жаңылыктардан тартып, мектепте, жогорку окуу жайларында, таксиде, коомдук транспортто, автомектептерде харассментке кабылган аялдардын жана кыздардын окуялары баяндалган макалаларды табууга болот. 

Медиасын: ЖМКда ыдык көрсөтүү көйгөйүн чагылдыруу эмне үчүн маанилүү?

“Кырдаалды өзгөртүүдө журналисттердин салымы абдан чоң, бирок ал ар дайым эле байкала бербейт”

“Клооп” басылмасынын башкы редактору Анна Капушенко өлкөдө харассмент жана аялдарга карата зордук-зомбулук жыл сайын масштабдуу мүнөзгө ээ болуп, системалуу көйгөйгө айланганын жана бул маселени чечүү үчүн бийлик эч кандай аракет кылбагандыктан, мындай учурларды көбүрөөк чагылдырып, жабыркаган аялдардын үнүн жеткирүүнү чечишкенин билдирди. 

Тилекке каршы, аялдар эзилген топ, биз бул абалдын оңолушу үчүн алардын үнүн жеткирүү зарыл деп чечтик. Азыр журналисттер жалаң гана негативге көңүл бурушат деген пикирлер бар. Бирок бул чынында андай эмес. Анткени бул көйгөйлөр көтөрүлүп, өрт-бас этилбей калды. Ошондуктан жалпысынан негатив гана кетип жаткан сыяктуу таасир калтырат. Бирок биз жалаң гана зордук-зомбулукту чагылдырбайбыз. Биз эч бир тоскоолдукка карабастан ийгиликке жеткен аялдар тууралуу дагы көп баяндайбыз. Бирок, тилекке каршы, позитивдүү баяндарга караганда зордук-зомбулук тууралуу баяндар көбүрөөк резонанс жаратат”.

Капушенко харассмент темасын чагылдыруудагы негизги идея көйгөйдү көтөрүп, өлкөдөгү кырдаалды жакшыртуу экенин белгиледи. Анын айтымында, ыдык көрсөтүү учурлары ЖМКда чагылдырып, коомчулуктун назарына түшкөн учурда жабыркаган тараптын акыйкаттыкка жетүү ыктымалдуулугу көбүрөөк болот. 

Мындан тышкары, ал журналисттердин ыдык көрсөтүү жана зордук-зомбулукту токтотуу боюнча сунуштар камтылган материалдары мыйзамдарга керектүү түзөтүүлөрдү киргизүүгө жардам берерин айтты.

Биз эксперттер аркылуу мыйзамдарга кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизүү керек экени тууралуу дагы көп жазабыз. Менин оюмча, мындай материалдар укук коргоочуларга мыйзамдарга  зордук-зомбулук жана харассмент боюнча кырдаалды жакшырта турган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жактаганга жакшы жардам берет. Жеке менин тажрыйбамда парламенттин депутаттары мыйзамдын белгилүү бир нормасын эмне үчүн өзгөртүү керек экенине негиздеме бериш үчүн мен жазган макаладан толук абзацтарды алып колдонушкан учур болгон. Башкача айтканда, кырдаалдын өзгөрүүсүндө журналисттердин салымы абдан чоң, болгону ал ар дайым эле байкала бербейт”, — деди Капушенко. 

Медиасын: ЖМКда ыдык көрсөтүү көйгөйүн чагылдыруу эмне үчүн маанилүү?

“Биздин максат — харассментти медиада чагылдыруу аркылуу сабатсыздыкты жоюу”

Кыргызстандагы айым журналисттер өзүнүн жеке тажрыйбасынан улам ыдык көрсөтүү маселесин чагылдырууну чечкен учурлар дагы бар. Журналист Эркайым Асанканова IDEA CA уюмунун “Медиакыздар Борбор Азия” долбоорунун алкагында харассментке кабылган кыздар тууралуу фотобаяндардын сериясын жарыялап, кийин фотокөргөзмө өткөргөн. Ал бул долбоор үчүн харассмент темасын тандап калуусуна курбуларынын жана өзүнүн жеке тажрыйбалары себеп болгонун айтты:

Акыркы убактарда курбу кыздарым менен сүйлөшүп отуруп калганда харассмент темасын көп талкуулап калдык. Бири-бирибизге коомдук транспортто же көчөдө бирөөлөр тийишип, ышкырганын айтып калчубуз. Мурда муну адаттагы эле көрүнүш катары кабыл алып, көп маани берчү эмеспиз. Бирок кийинчерээк мунун көйгөй экенин, жаман нерсе экенин түшүнө баштадык. Ошондуктан бул көйгөй курбулардын арасында эле калып калбасын деп коомчулукка алып чыгууну чечтим”. 

Эркайым медиада харассмент көйгөйүн чагылдыруу менен маселени түздөн түз чечүүгө болбосо дагы коомдогу сабатсыздыкты жоюуга болот деп эсептейт. 

Көйгөйдү чече албайбыз. Биздин максат — сабаттуулук үчүн бул көйгөй экенин, жаман нерсе экенин көрсөтүү. Кээ бир адамдар өздөрү кылган аракет харассмент экенин, жаман нерсе экенин, бирөөнүн жеке чек арасын бузуу, чүнчүтүү, басынтуу экенин билбей калышы мүмкүн. Биз “бул жаман” нерсе деген түшүнүктү жеткирсек эле чоң жетишкендик деп ойлойм”, — деди Эркайым Асанканова. 

Медиасын: ЖМКда ыдык көрсөтүү көйгөйүн чагылдыруу эмне үчүн маанилүү?

Реалдуу чаралар жана кадамдар

Өз ишмердүүлүгүндө харассмент жана аялдарга карата зордук-зомбулук темасын чагылдырып жүрүп, көйгөйдү өзөгүнөн билген журналисттер маселени жоюу үчүн реалдуу чечимдерди сунуштаары талашсыз. Буга мисал — журналисттер Гулиза Урустамбек кызы жана Жылдыз Арыстанбек кызы IT адиси Бегулан Абдутегин менен биргеликте учурда жумуш ордунда ыдыкка кабылган аялдар анонимдүү арыз калтыра ала турган атайын платформанын үстүндө иштеп жатышат. Алар бул идеяны IDEA CA уюму БУУнун Кыргызстандагы Өнүктүрүү программасы менен биргеликте өткөргөн хакатондо иштеп чыгышкан.

Команданын мүчөсү Гулиза Урустамбек кызынын айтымында, алар түзгөн платформада Кыргызстандагы компаниялардын тизмеси болот. Эгер кайсы бир компаниянын кызматкери ыдыкка кабылса, платформа аркылуу анонимдүү билдирүү калтыра алат. Билдирүү түшкөн учурда компаниянын рейтинги дагы түшөт.

Гулиза мындан тышкары, арыз түшкөн компаниянын кызматкерлерине атайын харассмент, мизогиния тууралуу тренингдерди өтүүнү пландап жатышканын кошумчалады.

Айрым медиалар пресс-релиздерди берүү менен гана чектелет

Харассмент темасынын үстүндө тереңдеп иштеген журналисттер болгонуна карабастан, айрым медиалар укук коргоо органдарынын ыдык көрсөтүү учурлары тууралуу берген пресс-релиздерин жарыялоо менен гана чектелип келишет.

Кыргызстанда ыдык көрсөтүү маселеси курч. Статистикага ылайык, кыргызстандык кыздардын 83%ы өмүрүндө жок эле дегенде бир жолу психологиялык, физикалык же сексуалдык зомбулукка кабылган. 

Кыргызстандагы Аял судьялардын ассоциациясы өлкөдөгү ар бир төртүнчү аял жумуш ордунда сексуалдык ыдыкка кабыларын аныктаган

Тилекке каршы, Кыргызстанда ыдык көрсөтүү азырынча мыйзам деңгээлинде укук бузуу катары аныктала элек. Демек, мамлекет үчүн харассменттин курмандыктары жана жалпы эле бул көйгөй жок болуп саналат жана мамлекет харассменттин потенциалдуу курмандыктарын коргой албайт. Бул өз учурунда коомдун жана коом мүчөлөрүнүн алакасынын өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизет. Ал тургай экономикалык өнүгүүнү дагы артка тартат. Себеби, жумуш ордунда өзүн коопсуз сезбеген кызматкердин жемиштүүлүгү жана экономикага кошкон салымы дагы аз болот. Бул көйгөй мамлекеттик деңгээлде таанылмайынча, ал жарандарга жана өнүгүүгө зыян алып келе берет. Андыктан коом жана мамлекет тарабынан жасалышы керек болгон негизги кадам — бул көйгөйдүн бар экенин моюнга алуу. 

Бирок бул макала жазылып жаткан чакта Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” медиасын жабуу тууралуу сотко кайрылганы белгилүү болду. Прокуратуранын арызында УКМК “Клооп Медианы” текшерип чыккандан кийин анда жарыяланган материалдар “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындоого багытталганын” жана “материалдардын көбү мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү материалдар экенин” аныктаганы айтылат. 

Мамлекеттин харассмент сыяктуу көйгөйлөрдү чагылдырып жүргөн прогрессивдүү медианы жабуу аракети, алар даярдаган материалдарды “негативдүү” деп атоосу өлкөдө кайсы бир көйгөйдүн бар экенин моюнга алуу кадамынан алда канча алыс экенинен кабар бербейби?

Автор: Чынаргүл Жумабекова

Иллюстрация: Татьяна Зеленская

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты