“Таксист жол акыны жыныстык катнаш менен төлөөнү сунуштады”. Коомдук транспортто ыдыкка кабылган кыздар (Фоторепортаж)

Ыдык көрсөтүү же харассментке кимдир бирөөгө карата олдоксон тамаша, кыймыл-аракет, жест, үн чыгаруу, мазактоо, сексуалдык зомбулук көрсөтүү кирет. Статистикага ылайык, кыргызстандык кыздардын 83%ы өмүрүндө жок эле дегенде бир жолу  психологиялык, физикалык же сексуалдык зомбулукка кабылат. 

Блогер Назира Айтбекова сексуалдык ыдык көрүп, зордукталганын айткан ондогон кыздардын окуяларын жарыялап келет. Айтбекова жарыялаган ал каттарда кыздар көпчүлүк учурда коомдук транспортто сексуалдык ыдыкка кабылганын айтышкан.

Биз бул жолу “Жетишет”  фотодолбоорунун алкагында дал ушул коомдук транспорттордо жыныстык асылууга кабылган Айдана менен Сезимдин (каармандардын аттары өзгөртүлдү) окуясын баяндайбыз. 

Маршруткада уктамыш болуп жамбашымды сыйпалады”

“Таксист жол акыны жыныстык катнаш менен төлөөнү сунуштады”. Коомдук транспортто ыдыкка кабылган кыздар (Фоторепортаж)

Айдана ата-энеси менен Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын  биринде жашайт. Ал мектепте 11-класста окуп жүргөндө маршруттук таксиде сексуалдык ыдыкка кабылып, мындан психикалык жактан катуу сокку алганын айтат. Окуя болгон күнү каарманыбыз адаттагыдай эле сабактан чыгып үйүн көздөй маршруттук таксиге отурган:

“Мен ал кезде мектепте 11-класста окучумун. Мектеп үйүмөн бир топ алыс эле. Маршрутка менен үйгө 45 минутада араң жетчүмүн. Анан дагы тыгын, киши көп болгон №169-маршрутка менен барчумун. Мындан  улам дайыма маршрутканын арткы орундуктарына өтүп кеткенге аракет кылар элем. Ал күнү да арттагы орундуктан бош орунду көрүп, сүйүнүп ошол жакка өтүп отуруп алгам. Жанымда бир жаш эле жигит уктап кетип бараткан болчу. Бир маалда ал мага башын жөлөдү. Башын жөлөп, уктап баратканына, албетте, мен маани берген жокмун. Анткени мен деле уктап кетип, билбей башымды башкага жөлөп алып, кете беришим мүмкүн да”.

Бирок бейтааныш жигит Айдананын ал жөнүндөгү бейкапар ойлорун четке каккан.

“Таксист жол акыны жыныстык катнаш менен төлөөнү сунуштады”. Коомдук транспортто ыдыкка кабылган кыздар (Фоторепортаж)

“Бир убакта колун саныма коюп алды. Бирок анда деле уктап жатат да деп этибар албай, тек гана колун ары жакты карай түртүп койдум. Бир маалда ошол колун кайра саныма коюп, бутумду кармалап, сыйпалап кирди. Ал бир-эки жолу сыйпалап тынган жок. Бир маалда колу менен жамбашымды сыйпалап, кайра-кайра санымды кармагылады. Көзүн карасам, жарым-жартылай ачык экен. Ошондо гана ал калп уктап жатканып билип, мага асылып жатканын түшүндүм. “Ушундай да болобу?” деп абдан уялдым. Бүт денем дүркүрөп кетти. Түшүнө албай эле жигитти карасам, ал билмексен болуп көзүн жумуп, кайра уктап жаткандай түр көрсөтүп койду”.

“Ичимден эч ким көрбөсө экен деп тиленгем”

“Таксист жол акыны жыныстык катнаш менен төлөөнү сунуштады”. Коомдук транспортто ыдыкка кабылган кыздар (Фоторепортаж)

Айдана көпчүлүк кыздардай жыныстык асылууга кабылганын эч кимге айткан эмес. Ыдык көрсөткөн жигитке дагы үн ката алган эмес.

“Таксист жол акыны жыныстык катнаш менен төлөөнү сунуштады”. Коомдук транспортто ыдыкка кабылган кыздар (Фоторепортаж)

“Аябай ызаландым. Мен кенедей эле окуучу кыз болчумун да. Бетим кызарып эле үйүмө жете электе маршруткадан түшүп калып андан ары жөө бардым. Үйгө жеткичекти ыйладым. Ичимден “эч ким көргөн жок болду бекен?” деп бушайманмын, “эч ким көрбөсө экен” деп кечке тиленип жүрдүм”.

“Жыныстык асылуудан өзүмдү коргогум келет”

“Таксист жол акыны жыныстык катнаш менен төлөөнү сунуштады”. Коомдук транспортто ыдыкка кабылган кыздар (Фоторепортаж)

Айдана бул окуядан кийин маршруттук таксиге түшпөй үйүнө жөө келип жүргөн. Каарманыбыз азыркыга чейин коомдук транспортторго көп түшкүсү келбей качарын айтат. Мындан улам учурда ал жеке унаа алганга камынып жатат.

“Мен дагы харассментке кабылгым келбейт. Мындан улам азыр автомектепте окуп жатам. Айдоочулук күбөлүк аларым менен эле машина алам. Маршрутка, автобустарда жыныстык асылуулар аябай көп болот. Менин курбуларым да азыркыга чейин коомдук транспорттордо харассментке кабылгандарын айтып ыйлашат. Коомдук транспорттор кыздар үчүн эң эле кооптуу жай. Харассментке кабылган кыздын сезимин, акыбалын эч ким билбейт. Анан дагы эң жаманы — сексуалдык асылуу өмүр бою эсиңде калып, сени эзип кыйнай берет экен. Мындан улам мен жыныстык асылуудан өзүмдү коргогум келет. Ошол үчүн дагы маршрутка, автобустарга көп түщпөйм. Жакында машина алсам, өзүмдү коопсуз сезип калармын”.

Ал эми экинчи каарманыбыз 25 жаштагы Сезим харассментке таксиде кетип баратканда кабылган. Ал күнү каарманыбыз курбу кызынын туулган күн кечесинен чыккан. Такси чакырып үйүнө жөнөгөнү аткан Сезим ал күндү мындайча эскерет:

 “Таксист жол акыны жыныстык катнаш менен төлөөнү сунуштады”

“Таксист жол акыны жыныстык катнаш менен төлөөнү сунуштады”. Коомдук транспортто ыдыкка кабылган кыздар (Фоторепортаж)

“25-май болчу. Кафеде курбу кызымдын туулган күнүн белгилегенбиз. Саат түнкү 12лерге жакын четинен тарай баштадык. Мен да үйгө кетейин деп такси чакырдым. Такси бир топто араң келди. Айдоочу 40 жаштардагы улуу эле байке экен. Ага таксини көпкө күтүп эшикте туруп калганымды айттым. Бирок ал бул сөздөрүмө маани берип, оң жооп берген жок”.

Сезимге таксист дароо эле жаккан эмес. Ал жол бою Сезимге орунсуз суроолорду берип, тийишип барган:

“Таксист жол акыны жыныстык катнаш менен төлөөнү сунуштады”. Коомдук транспортто ыдыкка кабылган кыздар (Фоторепортаж)

Мен таксистке сүйлөбөй, телефон карап кетип бараткам. Бирок ал мага аты-жөнүмдү, жашымды, жердигимди сурап, сүйлөп келе жатты. Мен кыска жана корс жооп берип коюп аттым. Себеби, анын минтип мага суроо берип жатканы такыр жаккан жок. Анан да эң кызыгы, суроолоруна кыска жооп берсем, кайра дагы бир нерселерди айтып алып күлүп жатты”.

Сезим таксистке анын тамашалары жакпай жатканын айткан. Бирок таксист Сезимдин ал сөздөрүн кулакка илген эмес.

“Таксист жол акыны жыныстык катнаш менен төлөөнү сунуштады”. Коомдук транспортто ыдыкка кабылган кыздар (Фоторепортаж)

“Мен аябай чарчаңкы бараткам. Башым дагы ооруп баштады. Таксист сүйлөгөн сайын ачуум келет. Анын суроолору, сүйлөгөндөрү жакпай жатканын өзүнө дагы айттым. Ал бир маалда “сен ичип алган окшойсуң, ошого жаман болуп атасың да, башың ооруп, бир аздан кийин кускуң келип баштайт” деди”. 

Ал арада Сезим үйүнө да жетип калган. Каарманыбыз таксисттен кутулам деп үйүнө келип калганына сүйүнүп жатса, таксист каарманыбызга жол акыны жыныстык катнаш менен төлөө сунушун киргизген. 

“Таксист жол акыны жыныстык катнаш менен төлөөнү сунуштады”. Коомдук транспортто ыдыкка кабылган кыздар (Фоторепортаж)

“Жол бою таксистке жиним келип, үйгө эртерээк жетишимди тиленип келгем. Үйгө жеткенде сумкамдан акча алып чыгып, жол кире канча сом болгонун сурасам, “мага акчанын кереги жок” деди.  Ачуум келип, “алыңыз, байке” деп колумдагы 500 сомду сунсам, албай калжаңдап күлдү. “Байке, мен сиз менен ойнобой элемин, акчаңызды алыңыз” десем, жол кирени башкача жол менен төлөсөм болорун балп эле айтты. Албетте, анын оюн мен дароо эле түшүндүм. Ачуум менен акчаны бетине ыргытып туруп, унаасынан качып түштүм”. 

“Үйдө көпкө чейин нес болуп, өзүмө келе албай отурдум”

“Таксист жол акыны жыныстык катнаш менен төлөөнү сунуштады”. Коомдук транспортто ыдыкка кабылган кыздар (Фоторепортаж)

Бул окуядан кийин ыдыкка кабылган көпчүлүк кыздардай эле, каарманыбыз Сезим дагы бир топ убакытка чейин өзүнө келе албай кыйналган.

“Таксиден түшө калып эле үйдү көздөй чуркадым. Артымдан ал таксист кубалап келе жаткандай болуп, аябай корктум. Үйдүн эшигин  ичинен бекитип туруп, бөлмөмө кирип алып көпкө чейин өзүмө келе албай отурдум. Денем калтырап жатты. Үйдөгүлөр муну билген жок, баары уктап жатышыптыр. Өзүмдүн бөлмөмдө ыйлап, көпкө чейин уктай албай өзүмдү жаман сезип, нес болуп отура бердим. Бул окуянын эртеси дагы денемди калтыраганы токтобой коркуп жүрдүм. Ошентип бир айга жакын өзүмө келе албай өзүмдү жаман сезип жүрдүм”.

“Ыдыкка кабылам деп эч ойлогон эмесмин”

“Таксист жол акыны жыныстык катнаш менен төлөөнү сунуштады”. Коомдук транспортто ыдыкка кабылган кыздар (Фоторепортаж)

Каарманыбыз Сезим буга чейин “ыдык”, “харассмент” деген сөздөр менен тааныш болгону менен алардын кесепети оор болорун билбегенин айтат. 

“Сексуалдык ыдык эмне экенин билчүмүн. Буга чейин деле далай кыздардын ыдыкка кабылганын уккам. Бирок алардын сезимдерин түшүнчү эмесмин. Себеби, мен “күнөө эч качан бир жактан кетпейт, кандай учур болбосун күнөө эки тараптан тең кетет” деген пикирде болчумун. Зомбулук же ушундай ыдыкка кабылган кыздар канчалык бир деңгээлде алардын да күнөөсү бар деген ой кетчү. Бирок минтип өзүм бул нерсени башымдан өткөргөндөн кийин гана ал кыздарды түшүндүм. Азыр харассментке же зордук зомбулук көргөн кыздарга кезиксем, же интернеттен ошондой окуяларды окуп калганымда ал кыздарга тилектештик көрсөтөм, аларга жардам берип, колдогум келет”.

Автор: Эркайым Асанканова

#ЖЕТИШЕТ! долбоору, “IDEA CA” коомдук уюмунун жардамы менен жана “Луч света” Регионалдык программа Инициативасынын колдоосу менен ишке ашырылды. Бул материалды ар кандай жана коммерциялык максаттар үчүн эркин көчүрүүгө, иштеп чыгууга жана ар кандай чөйрөдө, форматта сөзсүз түрдө автордун атын көрсөтүү менен жайылтууга болот. Материалдын мазмуну автордун жоопкерчилигинде жана IDEA CA менен “Луч света”  Регионалдык программа Инициативасынын  көз карашын чагылдырбайт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты