«Медиа Топтоо-2022» форуму өтүүдө

  • 2 года мурун

Бишкекте «Медиа Топтоо-2022» форуму өтүүдө. Медиа коомчулук жыл сайын «Медиа Топтоо» Индустриалдык форумунда тармактын өнүгүшү акыркы дүйнөлүк жана локалдуу тренддерин талкуулоо үчүн чогулат.

Форум ачыларда Интерньюс уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Элина Каракулова сөз сүйлөдү:

— Биз пандемиядан улам эки жылдан бери көрүшө элекпиз, ошондуктан бүгүнкү күндө бардык кесиптештерибизди кезектеги «Медиа Топтоого» чогултуу биз үчүн өзгөчө кубаныч. Ошондой эле, «Медиа Топтоо» популярдуу жергиликтүү брендге жана Кыргызстандын чегинен тышкары да белгилүү болгон мыкты медиа аянтчага айлангандыгы бизди кубандырат.

Бизге дүйнөнүн тогуз өлкөсүнөн спикерлер жана коңшу  – Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринен катышуучулар келишти. Бул жылы форумду өткөрүү менен биз «Медиа-К» беш жылдык индустриалдык долбоорунун жыйынтыгын да чыгарып жатабыз, жана ошону менен бирге Кыргызстанда медианы андан ары өнүктүрүү үчүн сунуш пикирлерди чогултабыз.

Быйыл форум Тынчтык. Эркин медиа. Өзгөрүш аттуу ураандар алдында өтүүдө.

Бул жолу Кыргызстанга Украинадан, Грузиядан, АКШдан, Норвегиядан, Латвиядан, Улуу Британиядан, Орусиядан, Казакстандан медиа эксперттер келишти.

Интерньюс форумду «Медиа-К» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасындагы USAIDдин колдоосу менен өткөрүп жатат.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты