Матраимовдун колун өөп жаткан учурду видеого тарткан жаран сабалганы айтылууда

  • 1 год мурун

Райымбек Матраимовдун колун өөп жаткан учурду видеого тарткан жаран сабалганын «Кактус медиасы» өздүк булагына таянып жазып чыкты.

«Матраимовдун колун өөп жаткан учурду видеого тартып алган жигитти Бишкектеги түнкү клубдардын биринин жанынан спорттук дене түзүлүштөгү кишилер сабап кетишкен. Жабырлануучунун унаасы да талкаланган. Жабырлануучу арыз жазуудан баш тарткан, себеби кол салгандар жердеши имиш. Ал эми тергөө бөлүмүнө жеткирилгендерди милиция бошоткон», — деп жазышты «Кактус медиасы».

Бишкек ШИИББ мушташ болгонун аталган сайтка тактыктады, бирок сабалган жарандын жогорудагы окуяга тиешеси бар, жогун ырасташкан жок.

Социалдык тармактарда тойдо Ош шаарынын спорт комитетинин мурдагы башчысы Кылыч Саркарбаев, мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, коррупция беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, мамлекетке 2 млрд сом төлөп берген айтылуу Райымбек Матраимовдун колун өөп жаткан видео тасма тараган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты