Маркум Камчы Көлбаевге байланышы бар делген эки ишкана президенттин иш башкармалыгына өттү

  • 7 месяцев мурун

Министрлер кабинети «Булат-М» жана «Блондербир» ЖЧКларын президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берди. Тиешелүү тескемеге 2023-жылдын 28-декабрында өкмөт башчысы Акылбек Жапаров кол койгонун 24.kg басылмасы жазды.

Буга чейин аталган ишканалар Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагында болчу.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын 4-октябрында «Блондербир» ЖЧКсына караштуу Blonder Pub кафесинде кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо оперциясы жүрүп, анын алкагында Көлбаев жок кылынган.

«Блондербир» ЖЧКсы 2017-жылы каттоодон өткөн. Компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири жана директору катары Абыльева Турсунай Сабирбековна көрсөтүлгөн. Ошондой эле, негиздөөчүлөрдүн бири маркум Камчы Көлбаевдин жубайы Нурайым Мамбеталиева болгон.

Көлбаев жок кылынгандан кийин аталган ЖЧК 2023-жылдын 1-ноябрында кайра каттоодон өтүп, директор катары Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин негиздөөчүсү (учредитель) Касымов Байэл Бейшенбекович көрсөтүлгөн.

«Булат-М» ЖЧКсы — аңчылык чарбасы. 24.kg басылмасы жазгандай, бул чарбанын дагы кримтөбөл Камчы Көлбаевге байланышы бар экени айтылат. Компания өз аймагында жапайы жаныбарларга аңчылык кылуу боюнча лицензияларга ээ. Компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири катары мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иш башкармалыгынын башчысы Темирбаев Курманбек Токтосунович көрсөтүлгөн. Ишкананын экинчи негиздөөчүсү (соучредитель) — Кумаш Рысалиев. Директору Темирбаев Дастан Курманбекович болгон.

Анын уулу Арстанбек Темирбаев кылмыштуу кирешелерди адалдаштырууга шектелип кармалган. Бирок УКМК Темирбаев Камчы Көлбаев менен кандайча байланышта болгонун ачыктаган эмес.

Учурда Юстиция министрлигинин базасында «Булат-М» ЖЧКсынын жетекчиси катары Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Канат Тургунбеков, ал эми негиздөөчүсү катары агенттиктин өзү көрсөтүлгөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты