Кримтөбөл Камчы Көлбаевдики делген кымбат баалуу мүлктөр кимдерге катталган?

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) атайын операция учурунда өлтүрүлгөн Камчы Көлбаевдин 1 миллиард долларга бааланган мүлктөрүн коомчулукка жарыялады. Атайын кызмат тараткан маалыматта Көлбаевдин жакындарына катталган 850 кыймылсыз мүлк бар экени айтылат. Алардын ичинде өзгөчөлөнгөн кымбат особняктар, коттеждер, элиталык клуб үйлөрү, курулуп жаткан имараттардагы көптөгөн батирлер, эс алуу борборлору, пансионаттар, ресторандар, жер тилкелери, ат сарайлар, аңчылык жерлер, 60тан ашык кымбат баалуу люкс үлгүсүндөгү автоунаа, зер буюмдар жана башка мүлктөрү көрсөтүлгөн. “ПолитКлиника” УКМКнын билдирүүсүндө көрсөтүлгөн кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөр кимге катталганын текшерип көрдү.

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдики делген кымбат баалуу мүлктөр кимдерге катталган?

Камчы Көлбаевдин жакындарына катталган Ысык-Көлдөгү мүлктөрү

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жаңы курулуп жаткан “Каганат Резорт” пансионатынын директору катары Азат Маратов көрсөтүлгөн.

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдики делген кымбат баалуу мүлктөр кимдерге катталган?

Ал Камчы Көлбаевге тиешелүү “Барс” эс алуу жайын дагы жетектейт. Мындан улам Азат Маратов Камчы Көлбаевдин жакын адамдарынын бири деп атасак болот. 

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдики делген кымбат баалуу мүлктөр кимдерге катталган?

Чолпон-Ата шаарындагы “Каганат” пансионатына “Имиджстрой” ЖЧКсы ээлик кылат. Компаниянын директору Эралиев Максат Акылбекович, негиздөөчүсү Мирджалиев Миргавсидин Миргиязович. Бул эс алуу жайы журналисттик иликтөөдө аталган, анда бул жабык эс алуу жайына Камчы Көлбаев ээлик кылары айтылат. Ошондой эле, аталган эс алуу жайында Райымбек Матраимовдун жубайы жана жакындары эс алып жүргөндүгү белгилүү.

Чолпон-Атанын борборундагы белгилүү “Барашек” рестораны жана анын жанындагы соода борбору Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиевага таандык. 

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдики делген кымбат баалуу мүлктөр кимдерге катталган?

Бостери айылындагы “Народный” дүкөнүнө дагы Мая Алиева ээлик кылат. Ошондой эле, Бостеридеги атканасы дагы апасынын наамында. 

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдики делген кымбат баалуу мүлктөр кимдерге катталган?

Чолпон-Ата шаарынын Жоомарт Бөкөнбаев 7к дарегинде жайгашкан особняк Камчы Көлбаевдин уулу Руслан Камчыга катталган. 

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдики делген кымбат баалуу мүлктөр кимдерге катталган?

Ошондой эле, “Каганат” пансионатынын жанында жайгашкан “Blonder Pub” рестораны Камчы Көлбаевге таандык. Тагыраагы, Бишкек шаарында жайгашкан “Blonder Pub” ресторанынын филиалы болуп эсептелет.

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдики делген кымбат баалуу мүлктөр кимдерге катталган?

“Акмарал” эс алуу жайы жайгашкан жердин бир бөлүгүнө «Ляззат» жоопкерчилиги чектелген коому ээлик кылат. “Ляззат” компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири катары Камчы Көлбаевдин уулу Асанбеков Нурсултан Камчыбекович көрсөтүлгөн. 

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдики делген кымбат баалуу мүлктөр кимдерге катталган?

Камчы Көлбаевдин Бишкекте жайгашкан мүлктөрү

“Мока” кофейнясы, Аламүдүн районунун Орто-Сай айылынын Балык-Көмүр 69/5 дарегинде жайгашкан үйдүн бир бөлүгү жана Раззаков 33/2 дарегинде жайгашкан кымбат баалуу батир Камчы Көлбаевдин кызы Канышайга катталган.

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдики делген кымбат баалуу мүлктөр кимдерге катталган?
Кримтөбөл Камчы Көлбаевдики делген кымбат баалуу мүлктөр кимдерге катталган?
Кримтөбөл Камчы Көлбаевдики делген кымбат баалуу мүлктөр кимдерге катталган?

“Blonder Pub” жайгашкан жер «Блондербир» ЖЧКсына катталган. Бул компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Камчы Көлбаевдин жубайы Нурайым Мамбеталиева экендигин аныктадык. Дубайдагы кыймылсыз мүлкү дагы Нурайым Мамбеталиевага катталгандыгы УКМКнын видеосунда көрсөтүлгөн. 

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдики делген кымбат баалуу мүлктөр кимдерге катталган?

Байтик айылындагы 24 миллион долларга бааланган “Салкын Төр” шаарчасына “Авангард Стиль» курулуш компаниясы ээлик кылат. Компаниянын негиздөөчүсү — Султанов Темирланбек Калыбекович, директору — Минкеев Эрнис Ихсанович. Бирок алардын Камчы Көлбаевге кандай байланышы бар экендигин таба алган жокпуз. 

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдики делген кымбат баалуу мүлктөр кимдерге катталган?

УКМКнын билдирүүсүндө 40 миллион долларга бааланган жаңы салынып жаткан “Олокон” турак-жай комплексинин эки имаратындагы 700 батир Камчы Көлбаевдики делип, мамлекетке өткөрүлөрү айтылды.

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдики делген кымбат баалуу мүлктөр кимдерге катталган?

Аталган турак-жайды куруп жаткан “Кут” курулуш компаниясы тастыкталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды. 

Мамлекеттик күч органдары интернет желесине тараган маалыматтар боюнча жетиштүү иликтеп, так жана адилеттүү укуктук баа берет деген ишеничтебиз. Тастыкталбаган маалыматтарга ишенич артпагыла деп суранабыз”. 

Бирок компания кийинчерээк бул билдирүүнү Инстаграмдагы баракчасынан өчүрүп салган.

Ал эми Орозбеков 19, 86-батир дарегинде жайгашкан 500 миң долларлык үй Темирбаев Курманбек Токтосуновичке катталган. Ал 2005-жылы Бакиевдин убагында президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси болуп иштеген. Бирок бул кишинин Камчы Көлбаев менен кандай байланышы бар экендиги белгисиз.

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдики делген кымбат баалуу мүлктөр кимдерге катталган?

Бриллианттан жасалган таажы жана “Путиндин сыйлык сааты”

Камчы Көлбаевдики делген кымбат баалуу буюмдардын арасында 500 миң долларга бааланган таажы жана ичине Орусиянын президенти Владимир Путиндин сүрөтү менен “Президент России” деген жазуусу бар китепче салынган кутучаны дагы көрүүгө болот.

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдики делген кымбат баалуу мүлктөр кимдерге катталган?
Кримтөбөл Камчы Көлбаевдики делген кымбат баалуу мүлктөр кимдерге катталган?

Таажынын көчүрмөсүн интернет булактарынан карап таба алган жокпуз. Демек, бул таажы атайын Камчы Көлбаевге арналып жасалган болушу мүмкүн. Таажыда “КК” деген жазууну дагы көрүүгө болот. 

Ал эми социалдык тармактарда Орусиянын президенти Владимир Путиндин сүрөтү менен “Президент России” деген жазуусу бар китепче салынган кутуча Камчы Көлбаевге белек катары берилген саат салынган кутуча болушу мүмкүн экендигин жазышууда. 

Камчы Көлбаев деген ким? 

“Мыйзамдагы ууру” деп таанылган Камчы Көлбаев эл арасында крим чөйрөсүндөгү эң таасирдүү адам катары белгилүү болгон. Камчы Көлбаевди 2012-жылы АКШнын президенти Барак Обама эң чоң баңги төбөл катары «кара тизмеге» киргизген. Ал эми 2017-жылы АКШнын Финансы министрлиги да аны «кара тизмеге» киргизип, Көлбаевди «Братский круг» эл аралык кылмыштуу тобунун бир бөлүгү деп билдирген. 

Ошондой эле, Камчыбек Көлбаевдин коррупция боюнча күнөөлүү деп табылган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен байланышы бар экендиги дагы айтылып келет. 

Бийлик алмашкандан кийин, 2020-жылы 22-октябрда Бишкектеги спорт клубдарынын биринде Камчы Көлбаев УКМК тарабынан кармалган. Ал эми 2021-жылы өзү жашаган жери – Чолпон-Ата шаарынан чыкпоо талабы менен үй камагына бошотулган. Бирок атайын кызматтын маалыматына караганда, 2022-жылдын ноябрь айында кыргыз-казак чек арасындагы “Карасай” өткөрмө бекетинде чек ара режимин бузгандыгы үчүн кармалган жана түшүндүрүү иштеринен кийин бошотулган. 2023-жылдын 4-октябрында Бишкекте Камчы Көлбаев атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн УКМК ырастаган.

“ПолитКлиника” медиасы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты