Марат Тагаев жана Айнура Аскарова маданият министринин орун басарлары болуп дайындалды

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Айнура Аскарова жана журналист Марат Тагаев маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басарлары болуп дайындалышты.

Бул тууралуу буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон. Министрдин жаңы дайындалгаy орун басарлары министрликтин жамаатына тааныштырылды.

Марат Тагаев үйлөнүү үлпөтүндө мурдагы жана азыркы атка минерлерди чакырып, социалдык тармакта чуу болуп, анын айынан «Азаттык» үналгысынан кызматтан кеткен.

Айнура Аскарова Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Сүрөттө: Марат Тагаев. Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты