Мамлекеттик дене тарбия академиясынын ректору пара менен кармалды

  • 4 дня мурун

4-июлда Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору 100 миң сом пара талап кылып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Маалыматта айтылгандай, аталган академиянын ректору А.С.С. көрсөтүлгөн сумманы Бишкек шаарынын Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан академиянын имаратындагы бөлмөнү ижарага алуу келишимин узартуу үчүн талап кылган. Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иштери жүрүп, ректор 1000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатынын бир бөлүгүн алып жатканда кармалган.

Акча каражаттарын которууда ортомчу болгон академиянын окутуучулары М.Ч.А. жана Б.К.Т. да кармалып, алар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди”, — деп айтылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты