Мамдума полицияга мигранттарды депортациялоого уруксат берди

  • 2 месяца мурун

Орусиянын Мамлекеттик Думасы 23-июлдагы пленардык жыйынында миграциялык көзөмөлдү күчөткөн мыйзамдардын топтомун кабыл алды.

Ага алайык, полицияга чет элдиктерди депортациялоого уруксат берилди. Ошондой эле визасыз жүрүү режими 180 күндөн 90 күнгө кыскартылды. Буга чейин мигранттарды депортациялоо чечимин бир гана соттор же Чек ара кызматы кабыл ала алчу.

Мындан тышкары визасынын же жашоого уруксат берүүчү кагаздын мөөнөтү өтүп кеткен жарандарды «өлкөдөн чыгаруу режими» киргизилди.

«Өлкөдөн чыгаруу режиминдеги» чет өлкөлүктөргө банк эсептерин ачууга, автоунаа айдоого, никесин каттатууга, башка аймакка көчүүгө тыюу салынат. Алар жашаган жерге полиция ордерсиз бара алат. Алардын артынан соттун уруксаты жок техникалык каражаттар менен аңдып жүрүүгө уруксат берилет.

Ошондой эле мигранттар полицияга баш ийбей койсо, жалган айтса, майда бейбаштыкка барса, экстремисттик же нацисттик эн белгилерди пропагандаласа, аларды депортациялоого уруксат берилет.

Бул мыйзамдардын топтому Мамлекеттик Думага «Крокус Сити Холлго» жасалган кол салуудан кийин киргизилген. Анда 145 кишинин өмүрү кыйылып, 500дөн ашууну жараат алган.

Кылмышка шектүү катары Борбор Азиянын бир нече жараны кармалган. Дал ошол окуядан кийин Орусияда мигранттарга каршы риторика күчөдү. Борбор Азиянын бир катар мамлекеттери өз жарандарына Орусияга барбай турууну эскертишкен.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты