Мамдума Коргонуу комитети: «Вагнер» кеткенден кийин мобилизация зарылдыгы жаралган жок

  • 1 год мурун

«Вагнер» жеке аскердик компаниясынын аскерлеринин Украинадагы согуш талааларынан кеткенине байланыштуу жаңы мобилизация жарыялоо зарылдыгы жок.

Бул тууралуу ТАСС агенттигине Мамлекеттик Думанын коргонуу комитетинин башчысы Андрей Картаполов билдирди.

Анын айтымында, согуш талаасында «Вагнердин» аскерлерин алмаштыра турган резервдер бар.

«Вагнердин» башчысы Евгений Пригожиндин куралдуу козголоңунан кийин Орусиянын президенти Владимир Путин «вагнерчилерге» Коргоо министрлиги менен келишим түзүүнү, үй-бүлөлөрүнө кайтып барууну же Беларуска кетүүнү сунуштаган. Өткөн жумада Беларуста «Вагнердин» жоочулары үчүн лагерлер даярдалып жатканы кабарланган.

Күн мурун «Вагнерге» байланышы бар Телеграм-каналдарда жалданма жоочуларды кабыл алуу убактылуу токтогону жөнүндө маалыматтар пайда болгон. Анда бул «Вагнердин» Украинадагы согушка катышпаганы жана компаниянын Беларуска көчкөнү менен түшүндүрүлгөн.

Пригожиндин 23-24-июнь күндөрдөгү куралдуу козголоңунан кийин «Вагнердин» жоочуларды жалдоо жайлары жабыла баштаган. Орусия шаарларынын көчөлөрүнөн «Вагнерге» кабыл алуу тууралуу жарыялар алынган.

Пригожиндин айтымында, Украинада согуш башталгандан бери «Вагнер» 20 миң жалданма жоокерин жоготту. Алардын жарымын абактардан согушка жөнөтүлгөндөр түзгөн. Жалпысынан «Вагнердин» катарын орус түрмөлөрүнөн 50 миң киши тартылган.

Иллюстрациялык сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты