Мадумаровду колдоо митингинде сөз сүйлөгөн жаранды кармап кетишти

  • 2 months мурун

Адахан Мадумаровду колдоо митингинде сөз сүйлөгөн Орунбай Кыдыралиевди кармап кетишти. Бул тууралуу “ПолитКлиника” медиасына анын иниси билдирди.

“Кечээ, 21-сентябрда байкемди (ред. Орунбай Кыдыралиев) УКМКнын кызматкерлери алып кетиптир. Аны буга чейин дагы алып барып коркутушкан экен. Бүгүн, 22-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралат”, – деди Кыдыралиевдин иниси.

Бул боюнча азырынча УКМК маалымат бере элек.

3-сентябрда, Бишкек шаардык сотунун алдында Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун жактооочуларынын митинги өткөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты