Мадумаров башкы прокурордун жоопко тартуу сунушу саясий иш экенин айтты

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров башкы прокурордун жоопко тартуу сунушу саясий иш экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 31-майда маалымат жыйынында билдирди.

«Жоопко тартуу сунушун мен дагы силер сыяктуу залда отурганда уктум. Менден артык Конституцияны бузбагыла, Конституция менен жашагыла деген киши болбосо керек. Конституциялык сот дагы менчелик Конституцияга чакырбайт. Баарына жараткан бар. Жараткандын алдында эч ким жоопкерчиликтен кутула албайт. Өздөрү «Мадумаровго канча сунуш кылдык болбой жатат» деп айтышты. Кантип анан бийликти күч менен басып алуу болмок эле. Бул 100 пайыздан 100 эсеге саясий иш. Саясат дагы бир жолу саясат», — дейт Мадумаров.

Жогорку Кеңештин кароосуна депутат Адахан  Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча парламенттин макулдугун алуу үчүн башкы прокурор Курманкул Зулушевден сунуш түшкөн. Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча башкы прокурордун сунушун күн тартибине кезексиз киргизди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты