Мадумаров башкы прокурордун жоопко тартуу сунушу боюнча: «Кандай чечим кабыл алынарын билбейм»

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров башкы прокурордун аны жоопкерчиликке тартуу сунушу боюнча депутаттар кандай Бул тууралуу ал бүгүн, 31-майда маалымат жыйынында билдирди.

«Ар бир чечим ар бир кишинин өзүнүн абийиринде. Өткөн жылкы Жогорку Кеңеш менен азыркы Жогорку Кеңештин укуктук, тажрыйбалык, башка тараптан айырмасы бар. Кандай чечим кабыл алат, ал Жогорку Кеңештин өзүнүн колунда», — деди ал.

Ага «Чечим сиз ойлогондой болбой калса, тергөө адилеттүү жүрөт дегенге ишенесизби?» деген суроо берилди.

«Кыргызстанда тергөө, сот адилеттүү деген кишиден өткөн аңкоо болобу? Бизди адилеттүүлүк деген түшүнүк жок», — дейт Мадумаров.

Жогорку Кеңештин кароосуна депутат Адахан  Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча парламенттин макулдугун алуу үчүн башкы прокурор Курманкул Зулушевден сунуш түшкөн. Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча башкы прокурордун сунушун күн тартибине кезексиз киргизди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты