Өмүрбек Текебаев Акматбек Келдибеков менен инцидент жабылганын билдирди

  • 1 год мурун

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев саясатчы Акматбек Келдибеков менен болгон инцидент жабылганын билдирди.  

-Азыр эле Ахматбек Келдибеков телефон чалды. Саламдашып, ал-акыбал сурашып туруп, «Өмүрбек ака, бир пост жазган экенсиз, элдин баары ызы-чуу болуп жатып калышты. Пост жазаардан мурун мага бир чалып, тактап алсаңыз жакшы болмок экен. Мен чын эле сотто болдум, көрсөтмө бердим. Бирок, сиз жөнүндө тигил же бул нерсени кесе айткан жокмун. Айрым журналисттер деле ашырып жиберишет. Эгерде, мурда ортобузда өйдө-төмөн окуялар, кер-мур айтышкан учурлар болсо, ал өткөн чакта калды. Азыр менин сиз жөнүндө оюм түз» деп айтты.

Ахматтын ука катары өзү чалып, мен жөнүндө жаман айтпагандыгын түшүндүргөн сөздөрү мени ынандырды. Мага андан ашыгынын деле кереги жок эле. Инцидент ушуну менен жабылды” деди Өмүрбек Текебаев.

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев июнь коогалаңына байланыштуу соттук териштирүүнүн жүрүшүндө Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков Кадыржан Батыровдун паспорт алуусу боюнча жалган көрсөтмө бергенин Фейсбук баракчасына жазган.

Өмүрбек Текебаев Акматбек Келдибеков “Кадыржан Батыровго дипломатиялык паспорт берүү өтүнүчүнө убактылуу өкмөттүн вице-премьер-министри Өмүрбек Текебаев жана аппарат жетекчиси Эдиль Байсалов кол койгон” деп көрсөтмө бергенин, бул чындыкка дал келбей турган маалымат экенин билдирган.

Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты