Текебаев: Акматбек Келдибеков Кадыржан Батыровдун паспорту боюнча жалган көрсөтмө берген

  • 1 год мурун

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев июнь коогалаңына байланыштуу соттук териштирүүнүн жүрүшүндө Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков Кадыржан Батыровдун паспорт алуусу боюнча жалган көрсөтмө бергенин Фейсбук баракчасына жазды.

Текебаев Акматбек Келдибеков «Кадыржан Батыровго дипломатиялык паспорт берүү өтүнүчүнө убактылуу өкмөттүн вице-премьер-министри Өмүрбек Текебаев жана аппарат жетекчиси Эдиль Байсалов кол койгон» деп көрсөтмө бергенин, бул чындыкка дал келбей турган маалымат экенин билдирди.

«Бул чындыкка дал келбеген, менин ар-намысыма, кадыр-баркыма жана ишкер беделиме доо келтирген жалган маалымат. Келдибеков ушул сөзүн тар чөйрөдө «балп» этип айтып койгон болсо, мен көңүл бурбай деле коймок элем. Бирок ал бул сөздөрүн соттук отурумда айтып, официалдуу айып тагып жатат. Сот күбөдөн «жалган айтсаң мыйзам алдында жооп бересиң» деп эскертип, «чындыкты гана айтам” деп убадасын айттыртып кагазга кол койдуруп алат. Демек, Келдибеков бул сөздөрүн терең ойлонуп, жоопкерчиликти сезип туруп айткан«, — деп жазды Текебаев.

Ал июнь окуялары боюнча тергөө иштери, соттук териштирүүлөр, Жогорку Кеңештин парламенттик иликтөөлөрү болуп өткөнүн, ал териштирүүлөрдө өзүнүн Кадыржан Батыров менен жолукпаганы далилденгенин айтып, Келдибековду жогорудагы көрсөтмөсүн артка алууга чакырды. Эгер Келдибеков сөзүн артка албаса, ал берген көрсөтмөнү сот аркылуу төгүндөй турганын белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты