Өмүрбек Суваналиев: “Кустуризация жакшы, бирок, кусуп аткандар кимдер? Ачыктык жок” (ВИДЕО)

Кустуризация жакшы, бирок, кусуп аткандар кимдер? Ачыктык жок. Бул тууралуу генерал Өмүрбек Суваналиев “ПолитКлиника” медиасынын “Тет-а-тет” берүүсүнө өлкөдөгү коомдук-саясий окуялар, укук коргоо органдарынын иши жана мыйзамдуулуктун сакталышы тууралуу маегинде билдирди.  

-Биринчиден, бүгүнкү күндө бизде — президенттик башкаруу. Экинчиден, дүйнө жүзүндөгү эксперттер: “Акыркы камоолор менен авторитардык жолго түштү. Күч структуралары бардыгына басым жасап атат” деген жыйынтык чыгарып атышат.

Жогорку Кеңеште сунушталып жаткан, укук коргоо кызматкерлерин сүрөт-видеого тартып, каралагандарды жазага тартуу боюнча мыйзам долбоору, ошонун эле уландысы.

Дүйнөлүк практикада мындай нерсе жок да. Бардыгын мыйзам чегинде аткарган күч органдары болгон окуяны сүрөткө тартып, видеого түшүрүшөт. Мен күч структураларында көп жыл эмгектенген адам катары, бул мыйзам долбоорун колдобойм. Конституцияга ылайык, күч органдары элди коргошу керек. Коррупция менен күрөш мыйзам чегинде болушу керек. Күч органдары сот эмес. Алар ишти сотко чейин жеткирет, сот чечим чыгарат.

Бүгүнкү күндө, эл арасындагы: “Ой, тигини алыптыр”, “Муну кустуруп коюптур”, “Түрмөдө отуруп, өз эрки менен берип коюптур” деген кептерди укканда күлкүң келет. Ким эле түрмөдө отуруп өз эрки менен мүлкүн берип койсун. Бийлик алмашканда, саясатчылар өзүнүн мүлктөрүн кайра сот аркылуу кайтарып  алышат. Кийин мунун баары мамлекеттик бюджеттен төлөнөт да.

“Кустуризация” жакшы, бирок, кусуп аткандар кимдер? Ачыктык жок. Аягы эмне менен бүткөнү белгисиз болуп атпайбы. Ушундай маселелер мыйзам чегинде болсо, бийликтин аброюна дагы жакшы болот.

“Кустуризациядан” өткөндөрдүн баары, бул бийликке душман болуп калды. Кыргызстанда бүт президенттер оппозициядан келген. Садыр Жапаров дагы оппозиция болчу. Аны убагында эркин журналисттер, укук коргоочулар, жарандык коом кандай колдоп жүрдү? Бүгүн Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин жанында жүргөндөрдүн бирөө дагы анын сотуна барып, колдоп жүргөндөр эмес. Бардыгы башка жээкте, аларды жамандап жүргөндөр.

Азыр он бир журналист боюнча бүт дүйнө реакция кылып, Кыргызстанды “адам укугун сактагыла” деп жатышат. Аткаруу бийлиги эч качан тарбиялабайт. Сот акыркы чечимди чыгарат. Күч органдары саясий иштерге такыр аралашпашы керек. Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалгандардын баарын кылтакка илгендей эле кармап турушат. Бирок, бул нерсе деле бүтөт. Алардын баары — саясатчы.

Учурда Кыргызстанда бийликке оппозиция жок деп айтышат. Ооба, ачык чыккан оппозиция жок. Бирок, бул бийликтин душмандары көп болуп калды. Мисалы, “кустуризациядан” өткөндөрдүн бардыгы буларга душман болуп алды. Ошол эле Кемпир-Абадчылардын бардыгы бир жыл алты ай камакта жатканын кечирбейт. Ошол эле жаш журналисттер, өмүр бою колунан калемин түшүрүшпөйт. Ошон үчүн саясатка келгенде, ар бир жаран өзүнө ким менен болсо дагы кармашам, бирок журналисттер менен эмес деш керек. Себеби, журналисттин колунан эч качан калемин тартып ала албайсың. Ал сенин түбүңө жетмейинче, жүрө берет. Ошон үчүн кекчил болбой, мыйзам жолунда иш алып барыш керек.

Сүрөттө: Өмүрбек Суваналиев. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты