Өмүрбек Бабанов журналист Эламан Карымшаковго каршы 1 млн сомдук доосун кайтарып алды
- 5 часов мурун
Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов эркин журналист Эламан Карымшаковго карата 1 млн сомдук доосун кайтарып алды.
Бул тууралуу Эламан Карымшаков социалдык тармакта билдирди.
-Биздин ортобуздагы соттук териштирүү боюнча айрым адамдар ортого түшүп, маселени жайынча чечүүгө чакырды. Алардын демилгеси аркылуу Бабанов мырзанын өкүлдөрү менен жолугуп, ортодогу талаштуу маселени талкууладык.
Бабанов мырзанын өкүлдөрү мен даярдаган материал коомчулук тарабынан бир тараптуу кабыл алынып калганын белгилешти. Анткени анын мурдагы өнөктөшү Бабановду соттун чечими жок, далилсиз жана негизсиз айыптаганын айтышты.
Мен болсо башынан эле айтып келгендей, бир тарабы менен дос, экинчи тарапка кас эмесмин. Материал даярдоодо кесиптик милдетимди гана аткаргам жана бейтараптуулукту сактоо үчүн экинчи тарапка кайрылганымды белгиледим.
Мен алган интервьюдан кийин Бабанов мырза да өнөктөшү менен түзүлгөн жагдай тууралуу өз чындыгын коомчулукка ачыктап, бир катар орчундуу жана талаштуу жагдайлар бар экенин айткан. Алар боюнча азыркы учурда соттук териштирүүлөр жүрүп жатат.
Ошентип, натыйжада Өмүрбек Токтогулович менен бир мунасага келип отурабыз. Ушуну менен соттук териштирүүлөрүбүз токтотулат. Бабанов мырзанын өкүлдөрү бугунку соттук жыйында мага коюлган 1 млн.сомдук доону кайтарып алышты. Эмнеси болсо да кежирлик кылбай, эрегишти токтотконубуз туура чечим десек болот. Ал эми мурдагы өнөктөшү менен соттук териштирүүлөр улана берет, -деди Карымшаков.
Өмүрбек Бабанов эркин журналист Эламан Карымшаковдун Ютуб каналындагы Болотмамбет Жээнбековдун интервьюсу “ар-намысыма шек келтирди, ишкердик беделиме доо кетирди” деп экөөнөн бир миллион сомдон моралдык компенсация өндүрүп берүүнү өтүнгөн.
24-апрелде жарык көргөн видеоинтервьюда Болотмамбет Жээнбеков Өмүрбек Бабанов аны алдап кеткенин жана 10 миллион долларлык акцияны тартып алганын айткан. Бабанов айтылгандарды четке каккан.
Сүрөт: Социалдык тармактан.