Мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн арыз берген талапкерлердин саны бешке жетти

  • 1 год мурун

Мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн арыз берген талапкерлердин саны бешке жетти. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Арыз берген талапкерлер: Максат Кунакунов, Эркин Булекбаев, Марат Арзыкулов, Актилек Нурланбеков жана Мирлан Камбаров.

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 2023-жылдын 27-апрелинде  аяктайт.

Бишкек шаарынын № 26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалды.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2023-жылдын 27-мартында өткөн жыйналышында №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча шайланган Жогорку Кеңеш депутаты Жаныбек Абировдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты