Өлкөнүн 11 китепканасында 20 миңден ашуун китеп санариптештирилди

  • 1 год мурун

2022-жылы республикада жалпы китеп фонду 19 365 293 даананы түздү. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 1 010 666 даанага көп. Республика боюнча 11 китепканада 20 548 китеп санариптештирилди.

Бул тууралуу маланият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин өткөн жылга карата отчетунда белгиленди.

Андагы маалыматтарга караганда, китепканага катталган окурмандардын саны 5 001 423 түзсө, жыл ичинде онлайн жана оффлайн тартипте 10 404 884 окурман тейленип, 10 405 200 китеп берилген.

Өлкө боюнча150 китепканада балдарды эрте өнүктүрүү борборлорунда иш-аракеттер жүргүзүлүп, 3 -7 жашка чейинки балдар бир жумада эки жолу 3 сааттан акысыз билим алышты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты