Өлкө башчы «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол курулушун баштоо аземине катышат
- 2 года мурун
Бүгүн, 27-декабрда президент Садыр Жапаров бир күндүк жумуш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.
Анда өлкө башчысы «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушун баштоо аземине катышары айтылды.
Эске салсак, 20-декабрда өткөн үчүнчү Элдик курултайда Садыр Жапаров «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун расмий курулушу ушул жылдын 27-декабрында башталарын билдирген.
Анда өлкө башчы бул жол Чыгыш менен Батышты байланыштырган стратегиялык көпүрө болорун, ошондой эле соода, туризм жана өнөр жай үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгилеген.
Сүрөт: интернет булактары
Муну бөлүшүү




