«Өлкөбүз силердин ой-кыял, дем-күчүңөргө муктаж». Президент жаштарды куттуктады

  • 6 дней мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-ноябрда, кыргызстандыктарды жаштар күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчынын сайтындагы куттуктоодо мындай деп айтылат:

“Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн калкынын 35 %га жакынын жаштар түзөт. Социалдык өзгөрүүлөрдүн катализатору болгон биздин жаштарыбыз мамлекеттин өнүгүшүнө зор салым кошуп келет. Илим-билимде, искусство менен маданиятта, спорт менен коомдук турмуштагы жетишкендигиңер Кыргызстандын келечеги кең экенин көрсөтүп турат. Жаштар – өлкөбүздүн өнүгүүсүнүн негизги локомотиви. Кыргызстандын жаштары – биздин сыймыгыбыз жана үмүтүбүз. Биздин Баш мыйзамыбыз жаштардын руханий, маданий, адеп-ахлак жана дене боюнун түзүлүшү жагынан өнүгүүсүнө кепилдик берет” деп айтылат куттуктоодо.  

«Өлкөбүз силердин ой-кыялыңарга, дем-күчүңөргө, креативдүү демилгелериңерге муктаж. Өлкө келечегин куруучулар – силерсиңер! Мен силерди жигердүү болууга, жоопкерчилик алуудан коркпоого жана жаңы бийиктиктерди багындырууга чакырам. Келгиле, Жаңы Кыргызстандын жаркын келечегин чогуу куралы» деди мамлекет башчы.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты