Ленин районундагы шайлоо. Дагы үч талапкер шайлоого ат салышуудан баш тартты
- 1 год мурун
Дагы үч талапкер шайлоого ат салышуудан баш тартты. Бул Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Төмөнкү үч талапкер № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниети жөнүндө буга чейин берген өз арыздарын чакыртып алышты:
- Гүлмира Усубалиева;
- Нурлан Сакиев;
- Чынгыз Капаров .
Бишкек шаарынын № 26 бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалган.
Муну бөлүшүү