Кызганычтын айынан коңшусун атып салган. Жайыл районунда шектүү кармалды

  • 1 месяц мурун

Чүй облусунун Жайыл районунда И.М. аттуу жаран коңшусун кызганычтын айынан атып салган.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 6-июнда Кара-Балта шаарынын Лев Толстой көчөсүндөгү үйдө И.М. аттуу жаран тааныш эки аял менен спирт ичимдиктерин ичип отурганда, С.С. аттуу жаран келип, кошо ичимдик ичишкен. Ал үйдөгү аялдардын бири С.С. менен бирге жашап жүргөн.  Кызганычтан улам, эки эркектин ортосунда чыр чыгып, анын бири И.М. С.С.ны мылтык менен атып салган. Жабыркаган киши “Тез жардам” келгиче жан берген.  

Бул факты Жайыл райондук ИИБде кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси, киши өлтүрүү менен катталып, кылмыш иши козголгон. Шектүү камакка алынган.

Сүрөт: Чүй ИИБ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты