Кытайдагы жер титирөө Ош облусунда да сезилди
- 2 года мурун
Сейсмология институттун маалыматына ылайык, 13-март күнү саат 03:01де Кытай аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Алай районунун Эркечтам жана Нура айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар басма сөз кызматы кабарлады.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү