Кышкы жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды

  • 4 дня мурун

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) каттоо 17-октябрдан 29-октябрга чейин болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ЖРТга катталуу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун электрондук платформасында райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрү аркылуу онлайн жүргүзүлөт.

Ошондой эле жогорку окуу жайларына (ЖОЖ) абитуриенттерди кышкы тандоо жана кабыл алуу ЖОЖдордун контракттык окутуу формасына гана жүргүзүлөрү айтылды.

«Кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга катталууга 2025-жылдын бүтүрүүчүлөрү, башкача айтканда мектептердин 11-класстарынын же техникумдардын, колледждердин акыркы курстарынын окуучулары, жогорку окуу жайлардын студенттери катыша алышпайт»,- деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты