Кыргызстандын эгемендиги менен тагдырлаш “Азаттыктын” тарыхы жана анын ролу

Өткөн жылы октябрь айында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиасынын” веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Министрлик буга “Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасында 14-17-сентябрь аралыгында орун алган окуялар тууралуу видео материалы негиз болгонун билдирген. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган «Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга негиздеген. 

Ушундан кийин эле Улуттук телерадио корпорациясынын Биринчи радиосу жана НТС каналы «Азаттыктын» теле жана радиоберүүлөрүн обого чыгарууну токтотту. “Азаттыкка” болгон кысым муну менен эле токтоп калбай 31-октябрда радионун “Демирбанктагы” эсеби эч кандай эскертүүсүз жана түшүндүрмөсүз бөгөттөлгөн. Эми болсо аталган министрлик “Азаттык Медианынын” ишмердүүлүгүн токтотуу өтүнүчү менен сотко кайрылды.

“ПолитКлиника” медиасы “Азаттыктын” Кыргызстандын көз карандысыз өлкө болуп калыптанышына кошкон салымы, анын кыргыз коомундагы орду, ролу жана тарыхына көз чаптырып көрдү. 

“Азаттыкка” 70 жыл

Быйыл март майында “Азаттык” радиосунун обого чыга баштаганына 70 жыл толот. “Азаттык” радиосунун тарыхы 1953-жылы 18-мартта Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) Иосиф Сталин тууралуу материалды кыргызчага которуп, окуп чыкканда башталган. Радионун Кыргызстандагы кабарчылары өлкө ичинде эгемен жылдардан тартып ачык иштеп келген. Анда Кыргыз мамлекеттик телерадио агенттиги (ред. Улуттук телерадио корпорациясы) менен келишим түзүлүп, апталык сыналгы долбоорлору көрүүчүлөргө тартууланган.

Кыргызстандын эгемендиги менен тагдырлаш “Азаттыктын” тарыхы жана анын ролу
Азамат Алтай

 “Азаттыкка” ар бир бийлик тушунда кысым болгон

“Азаттык” өзүнүн тарыхында ар бир бийликтин тушунда ар кандай кысымдарга кабылып келди. Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин бийлиги 1990-жылдан 2005-жылга чейин созулган. Аскар Акаев бийликте турганда Аксы окуясын “Азаттык” алгачкылардан болуп ачыктаган.  Ошол кездеги депутат Азимбек Бекназаров Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы чыгып камалган. 2002-жылы 17-мартта Азимбек Бекназаровду боштондукка чыгарууну талап кылып бараткандарга бийлик ок чыгарган. Мындан 5 адам каза болуп, 50гө чукул жаран жаракат алган. Маалымат жергиликтүү калк арасында тараганы менен жалпы кыргызстандыктар бул тууралуу билишкен эмес. Ошондо дагы КТР аркылуу бийлик өкүлдөрү туура эмес маалымат саясатын жүргүзгөн. “Аксыда Бекназаровду коргоп чогулгандардын арасында жаңжал чыгып, бирин-бири бычактады” деген чындыкка дал келбеген маалыматтарды таратышкан. “Азаттыктын” Жалал-Абад облусундагы кабарчысы бул боюнча репортаж даярдап, элге окуянын чындыгын айтып берген. Мындан кийин кабарчыга күч органдары тарабынан кысымдар болгон. “Азаттык” үналгысынын Бишкек бюросунун ошол кездеги жетекчиси Кыяс Молдокасымовду бийлик сатып алууга, андан кийин коркутууга өтүшкөнүн өзү “Азаттыкка” айтып берген. Акаевдин бийлигинин тушунда дагы КТР “Азаттык” чагымчыл маалыматтарды берип жатат” деген мазмундагы маалыматтарды байма-бай чыгарып турган.

Кыргызстандын эгемендиги менен тагдырлаш “Азаттыктын” тарыхы жана анын ролу
“Азаттык” радиосу чыгарган “Эрктүү элдин эгемендиги” китеби

2005-жылы мартта Акаевдин бийлиги кулап, Курманбек Бакиевдин бийлиги орноду. Курманбек Бакиев 2005-2010-жылдары президенттик тактыда отурду. Бакиев бийликке келгенде 2005-жылы май айында УТРКнын каналы аркылуу “Азаттыктын” үналгы берүүлөрүнөн тышкары, “Ыңгайсыз суроолор”, 2006-жылы январда “Азаттык+” жаштар берүүсү чыгып баштайт. Бирок көп узабай “Азаттыкка” карата кысым-басым кайрадан орун алды. 2008-жылы октябрь айында “Азаттык” менен УТРКнын биргелешкен “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүндө жергиликтүү шайлоонун жыйынтыгы талдоого алынары жарнама болуп чыккан. Ага БШКнын өкүлү Самат Бөрүбаев, ошондой эле оппозициядагы “Ак Шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев катыша турганы айтылган. Ошол берүү жарнама катары эле кетип, эфирге чыкпай, келишим бир тараптуу бузулган. Бирок алдын ала эч кандай эскертүү болгон эмес. Андан кийин “Азаттык” менен кызматташып жаткан “Алмаз”, “ОК”, «Салам», «Манас жаңырыгы» баштаган радиолорго дагы “Азаттыктын” уктурууларын эфирге чыгарбоо талабы коюлган. 2010-жылы апрель айында Курманбек Бакиевдин бийлиги кулайт.

Кыргызстандын эгемендиги менен тагдырлаш “Азаттыктын” тарыхы жана анын ролу
24-март 2005-жыл, Бишкек

Алмазбек Атамбаев 2011-жылы декабрь айында бийликке келип, 2017-жылы президенттик мөөнөтү бүткөнгө чейин тактыда отурду. Алмазбек Атамбаевдин бийлиги тушунда дагы “Азаттыкка” карата басым токтогон жок. 2015-жылы КТРК “Азаттыктын” телеберүүлөрүн көрсөтүү боюнча келишимдерди бир тараптуу токтоткон. Мындан тышкары, ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаева «Азаттык» радиосун «Текебаев Кипрдеги оффшордо Атамбаевдин мүлкү тууралуу маалымат тапканын билдирди» жана 1-мартта жарыяланган “Ата-Мекендин” юристтери: “Текебаевдин камалышы анын Кипрдеги сапарына байланыштуу” деген кабарлардан улам сотко кайрылып, президент Атамбаевдин ар-намысына шек келтиргени үчүн редакциядан 20 миллион сом компенсация төлөтүп берүүнү суранган. Анда дагы “Азаттыктын” банктагы эсеби жабылган. Кийин кайра Атамбаев Башкы прокуратурага доо арызды чакыртып алуу боюнча сунушун берген. Башкы прокуратура “Азаттыкка” каршы доо арызды кайтарып алган.

Кыргызстандын эгемендиги менен тагдырлаш “Азаттыктын” тарыхы жана анын ролу
18-декабрь 2019-жыл, Бишкек

2020-жылы октябрь айында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык жаралып, анын арты менен өлкөдө бийлик алмашты. Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматын тапшырып, 2021-жылы Садыр Жапаров мамлекет башчысы болуп шайланды. Ал шайлоонун алдын ала жыйынтыктары чыгып, Жапаров башка талапкерлерден эң көп добуш алганы аныкталганда журналисттер үчүн маалымат жыйын уюштурган. Анда ага сөз эркиндиги тууралуу суроо берилгенде “сөз эркиндигин толук коргоого мен өзүм да ынтызармын” деп жооп берген. Маалымат каражаттарына кандайдыр бир куугунтук болсо болуша турганын дагы билдирген. Президенттин бул билдирүүсүнөн эки жыл өтпөй “Азаттык Медиасынын” маалымат каражат катары ишмердүүлүгүн токтотуу аракеттери болуп жатат. 

“Кыргызстандын көз карандысыз мамлекет болуп калыптанышына “Азаттыктын” салымы чоң”

Медиаэксперт Марат Токоев куугунтукталып жаткан саясатчылар ойлорун башка жакка айта албай жаткан учурда “Азаттыкка” кайрылып келишкенин белгиледи. Ал Кыргызстандын көз карандысыз мамлекет болуп калыптанышына “Азаттыктын” салымы чоң экенин айтты. 

Кыргызстандын эгемендиги менен тагдырлаш “Азаттыктын” тарыхы жана анын ролу
Марат Токоев

“Азаттыктын” кыргыз журналистикасынын калыптануусуна кошкон салымы зор. Бааланган журналисттердин көбү ошол “Азаттыктын” мектебинен өткөндөр. “Азаттык” коомдук жашоону, саясатты чагылдыруу боюнча өрнөк боло турган медиалардын бири. Кыргызстандын тарыхына кошкон салымы тууралуу айта турган болсок, Кыргызстандын көз карандысыз мамлекет болуп калыптанышына “Азаттыктын” салымы чоң. Куугунтукталып жаткан саясатчылар өз кезинде ой-пикирин башка жакка айта албай жатканда “Азаттыкка” кайрылышчу. Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев дагы президенттик тактыдан кетердин алдында бардыгы “Азаттыкка” катуу чектөөлөрдү киргизишип башташкан”, — деди Марат Токоев.

Ал эми укук коргоочу Динара Ошурахунова аталган медиага асылган президенттер тактыдан кеткенин, бирок “Азаттык” калганын билдирди. Ал “Азаттыкка” болуп жаткан басым туура эмес кадам экенин белгиледи.  

Кыргызстандын эгемендиги менен тагдырлаш “Азаттыктын” тарыхы жана анын ролу
Динара Ошурахунова

“Азаттыкты” жаап салабыз деп канча президент аракет кылган? Алар кетти, “Азаттык” калды. “Азаттыкка” асылуу коркунуч жаратат. Бул туура эмес кадам. Биз тарыхты жакшы билишибиз керек. Бийликке келгендер ушуларды унутуп калып жатышат. Бул бийлик “Азаттык” менен алышпай толтура көйгөйлөр менен алышса болмок. “Азаттыкты” жапканда көйгөйлөр чечилип калбайт”, — дейт Динара Ошурахунова.

Маданият министрлигинин сотко кайрылуусу мыйзамдуубу?

«Азаттык Медиа” Маданият министрлигинин сайтты бөгөттө чечимин жокко чыгаруу боюнча Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Бул боюнча 26-январда алдын ала угуу өттү. Сот министрликтин өкүлүн «Азаттыктын» сайтын жабуу боюнча чечимдин түп нускасын алып келүүгө милдеттендирди. Мындан улам соттук отурум 17-февралга жылдырылды.

Былтыр 22-декабрда Бишкектин Биринчи май райодук соту “Азаттыктын” банк эсебин бөгөттөө боюнча УКМКнын аракетине каршы арызды карап, аны канааттандыруудан баш тарткан. Мындан улам Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз берилген. 26-январда шаардык сотто аппеляциялык арыз каралып, «Азаттыктын» жактоочулары материалдарды тергеген Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү Улан Жапеков соттук отурумга катышып, түшүндүрмө берүүсү боюнча өтүнүч келтирди. Өтүнүчтү соттук коллегия канаттандырып, тергөөчүнү соттук отурумга алып келүү милдетин прокуратурага жүктөгөн. Соттук отурум 2-февралда уланып, шаардык сот райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Бир канча медиа уюмдар Маданият министрлигинен “Азаттыкка” каршы доо арызды кайтарып алууну талап кылып, билдирүү жасашты. Анда алар министрлик “Азаттыктын” доо арызы боюнча жүрүп жаткан соттук териштирүүдө жоопкер, бирок ал соттун чечими чыга электе эле “Азаттык Медианын” ишмердүүлүгүн токтотууну суранып, сотко кайрылып жатканы мыйзамга каршы келе турганын билдиришкен.

Кыргызстандын эгемендиги менен тагдырлаш “Азаттыктын” тарыхы жана анын ролу

Медиаэксперт Марат Токоев «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамды колдонуу жагынан алешемдиктер болуп жатканын белгилеп өттү. 

“Бул мыйзам өзү көп мыйзам бузуулар менен кабыл алынган. Колдонуу жагынан дагы алешемдиктер болуп жатат. Мыйзам боюнча башка бирөө арыз жазып кайрылышы керек эле. Маданият министрлиги арыздарды карай турган түзүм болмок. Бул жерде министрлик өзү демилге көтөрүп жатат. Алардын мыйзамдуулугу боюнча көп суроолор жаралат”, — дейт Марат Токоев.

Юрист Таттыбүбү Эргешбаева “Азаттык Медианын” сайтын бөгөттөө боюнча Маданият министрлиги эч бир арызы жок эле чечим чыгарып койгонуна токтолду. 

Кыргызстандын эгемендиги менен тагдырлаш “Азаттыктын” тарыхы жана анын ролу
Таттыбүбү Эргешбаева

“Маданият министрлиги тарабынан көптөгөн мыйзам бузуулар болду. Эң башынан “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамына таянып, булар “Азаттыктын” сайтын эки айга бөгөттөп коюшту. Ал жерде мыйзамдын эрежелери сакталган эмес. Себеби, анда арыз жазгандар болгон эмес. Маданият министрлиги өзү бир тараптуу чечим чыгарып койгон. Бул мыйзамсыз. Алар бүгүнкү күндө “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамдын 23-беренесине таянып, “Азаттыкка” каршы бүгүнкү күндө Ленин райондук сотуна арыз беришкен. Ал жерде «согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насааттоого тыюу салынат» деген пунктун бузуп жатканын көрсөткөн. Мыйзам боюнча тергөө укуктары бир гана укук коргоо органдарында бар. Министрлик биринчи тергөө мекемелерине, укук коргоо органдарына кайрылышы керек болчу. Ошондуктан Ленин райондук соту ишти артка жөнөтүп, Маданият министрлиги тергөөгө кайрылышы керек”, — деди Эргешбаева.

“Азаттыктын” жабылышы Кыргызстан үчүн кандай коркунуч жаратат? 

Марат Токоев журналисттер чындыкты айтуудан жалтанып турушса, бийликте отургандар үчүн чоң коркунуч жарала турганын эскертти. Анын айтымында, бийлик Кыргызстанда болуп жаткан окуялар тууралуу туура маалымат ала албай калышат.

 “Азаттык” сөз эркиндигинин символу болуп калган. Эгерде “Азаттык” жабыла турган болсо, коомчулукта чоң кооптонуу жаратат. “Сөз эркиндиги мурдагыдай болбой калган экен, пикириңди айтсаң, куугунтукталып, сени душман катары карашы мүмкүн”деген маанай жаралышы ыктымал. Бул кооптуу нерсе.

Кыргыз эли, “Азаттыкты” жакшы көргөн калк мындайга чыдабайт болуш керек. Балким, толкундоолор ошондон болуп кеткен го деген ой келет. “Азаттык” жабылса, журналистика өтө кооптуу кесип болуп калат. Журналистикага келе тургандардын саны кескин азайып кетиши мүмкүн. Журналистикада иштеп жаткан адамдар аз болсо, чындыкты айткандан жалтанып турушса, бийликте отургандар үчүн чоң коркунуч жаралат. Алар Кыргызстанда болуп жаткан окуялар тууралуу так, туура маалыматтарды ала албай, бир беткей маалыматтарды алып калышат. Мындай болгон учурда туура эмес кадамдарды жасап алышы толук ыктымал”, — деди Марат Токоев. 

Динара Ошурахунова бийликке келген адам ар дайым сөз эркиндигин коргойбуз деген убадаларды берерин белгиледи.

“Бийлик өзүнүн убадасын башында дайыма “сөз эркиндигин, укуктарды коргойбуз, ар бир жаран коркпой жашаганга шарт түзөбүз” деп айтат.  Анан кайрадан эле ошол президенттер “Азаттыкка” асылат. Тарыхтын баары “Азаттыкта” чогулган. Убагында Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев куугунтукка алынганда “Азаттык” ошол фактылар тууралуу айтып чыккан. Анткени “Азаттык” журналистиканын стандарттарын сактап келген маалымат каражаты. “Азаттык” абдан күчтүү медиа, аны жаап салган туура эмес. Эл объектидүү маалыматты ала албай калат. “Азаттык” жөн гана маалыматты таратпастан, агартуу иштерин жасаган медиа. Бул маалымат каражаты жабылса, сөз эркиндигине гана эмес, жарандык агартуу ишине дагы балта чабылат”, — деди Ошурахунова.   

Автор: Жылдыз Джускембаева

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты