Кыргызстандыктар Түркияга 6 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

  • 1 год мурун

Кыргызстандыктар Түркияда жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам катары чогулткан 6 тоннага жакын жүк муктаждарга жеткирүүсү үчүн “Түрк аба жолдору” жана “Пегасус” авиакомпанияларына тапшырылып берилди. Бул тууралуу 10-январда Түркиянын Кыргызстандагы элчиги билдирди.

Жиберилген жардамдардын көбүн кышкы кийимдер, жууркан, жаздык, уктоочу баштык, балдар жалаягы, гигиеникалык каражаттар жана азык-түлүктөр түзөт.

Буга кошумча 9-февралда Кыргызстандын Ички иштер министрлиги тарабынан Түркияга чатыр, чатыр төшөгү, уктоочу баштык, жылыткыч жана жууркандардан турган жардам жөнөтүлгөн.

«Элчиликтин жардам чогултуу жайларына келген жардамдарды аба жолу компаниялары аркылуу жөнөтүүнү уланта беребиз. Көрсөткөн жардам жана колдоосу үчүн Кыргыз элине, Өкмөтүнө жана Кыргызстандагы диаспораларга чоң ыраазычылык билдиребиз», — деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, 6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4 (7,6-7,7)  баалга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген . Андан соң Адана, Анкара, Анталья,  Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.

10-январга катара Түркияда зилзалада каза болгондордун саны 18 миңден ашканы маалым болду. 74 242 киши жабыркап, 6444 имарат талкаланды.

Reuters кабарлагандай, коңшу Сирияда өлгөндөрдүн саны 3480 кишини түздү. Сириянын мамлекеттик басылмалары билдиргендей, 298 миң киши үй-жайсыз калды.

Кыргызстандыктар Түркияга 6 тонна гуманитардык жардам жөнөттү
Кыргызстандыктар Түркияга 6 тонна гуманитардык жардам жөнөттү
Кыргызстандыктар Түркияга 6 тонна гуманитардык жардам жөнөттү
Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты