Кыргызстандык Александр Волкодав «Голос» долбоорунун жеңүүчүсү аталды 

  • 2 года мурун

Кыргызстандык Александр Волкодав Россиядагы «Голос» долбоорунун 2021-жылкы сезонунун жеңүүчүсү болду.

Волкодав «Голос» долбоорунун финалына казакстандык Алишер Каримов, Ернар Садирбаев жана россиялык Элина Панды менен чыккан.

Телекөрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгында 53,3 пайыз добушу менен Александр Волкодав быйылкы сезондун жеңүүчүсү аталды. Кыргызстандык ырчыга ошондой эле жеке ырын акысыз жаздырууга сертификат тапшырылды.

Ал эми экинчи орунга 46,7 пайыз добуш менен Алишер Каримов татыды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты