Кыргызстандагы биринчи SAARA-02 учкучсуз аппараты Садыр Жапаровдун небересинин атынан коюлдубу? Текшеребиз 

18-октябрь күнү Нурдана Бегим аттуу Фейсбук колдонуучусу Кыргызстанда алгачкы учкучсуз учуучу аппарат жасалып, ага президент Садыр Жапаровдун небересинин аты коюлганын жазып чыккан. 

Кыргызстандагы биринчи SAARA-02 учкучсуз аппараты Садыр Жапаровдун небересинин атынан коюлдубу? Текшеребиз 

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

“SAARA-02” учкучсуз аппараты 

17-октябрь күнү интернет айдыңында Кыргызстанда биринчи жолу аскердик учкучсуз аппараты өндүрүлүп чыкканы тууралуу видео жарыяланган.

Активист Урмат Насыкулов аталган учак Баткен облусундагы сыноодон ийгиликтүү өткөнүн жазып чыккан. 

Достор, тарыхый окуя десем жаңылышпайм!

Биздин инженерлер жараткан биринчи кыргызстандык учкучсуз учуучу аскердик аппарат чыкты! Бул аппараттын үстүндө биздин жаратмандар эки жылдан бери тынымсыз иштеп, жакында Баткенде текшерүүдөн ийгиликтүү өтүптүр! Бул дрон чалгындоо гана эле эмес, согуштук милдеттерди дагы аткара алат. Буюрса, мындай аппараттар мекендин четинде кызматын аткарса, мамлекеттин коопсуздугу бир топ жогурулайт!”, — деп жазган. 

Бирок, азыркы учурда бул маалыматтын туура экенин Кыргызстандын Коргоо министрлиги тактай элек. 

Белгилей кетсек, 2021-жылы 12-августта ошол учурдагы Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов “Шумкар” транс улуттук корпорациясы» ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө токтомго кол койгон. Ал учкучсуз учуучу аппараттардын системасын өндүрө турганы маалымдалган.

Ал эми президент Садыр Жапаров 2022-жылы 13-сентябрда Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматынын учкучсуз аппараттар базасын ачкан. Ошондой эле өлкө башчысы Садыр Жапаров  Кыргызстан бир жылда аскердик техникасын жаңыртууга жана оңдоого баш-аягы 100 миллион доллар бөлгөнүн, Орусия менен Түркиядан дрондор алынып жатканын билдирген.

“Учкучсуз аппараттын аты коюула элек” 

Интернет айдыңына тараган видеодогу кадрлардан учкучсуз апараттын үстүндө “SAARA-02” деген жазууну даана көрүүгө болот. 

Кыргызстандагы биринчи SAARA-02 учкучсуз аппараты Садыр Жапаровдун небересинин атынан коюлдубу? Текшеребиз 

Белгилей кетсек, буга чейин Садыр Жапаров неберелүү болгону тууралуу маалыматтар жарыяланган. “ПолитКлиника” медиасынын өздүк булактары билдиргендей, президент Садыр Жапаровдун туң небересинин аты Саара Садырова. Ал 2022-жылы 21-июлда жарык дүйнөгө келген. 

Кыргызстандагы биринчи SAARA-02 учкучсуз аппараты Садыр Жапаровдун небересинин атынан коюлдубу? Текшеребиз 
Президент Садыр Жапаров небереси менен

Активист Урмат Насыкулов Кыргызстанда өндүрүлүп баштаган учкучсуз аппараттардын аты коюула электигин билдирди. 

“Учкучсуз аппаратты өндүрүп чыккан инженерлер мага азырынча техниканын аты коюула электигин жана бул прототип экенин айтышты. Азырынча массалык өндүрүүгө чыга элек болгондуктан, так маалымат берише элек. Жакынкы арада расмий маалымат чыгарабыз деп айтышууда”, — деп билдирди активист Насыкулов. 

Жыйынтык: Кыргызстанда алгачкы учкучсуз аппарат чыгарылганы тууралуу маалымат расмий түрдө тактала элек. Ага расмий ат дагы коюла элек. Ал эми президент Садыр Жапаровдун туң небересинин аты Саара Садырова экени чындык, учкучсуз аппарат менен Президенттин небересинин атынын байланышы аныкталган жок. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты