Кыргызстанда жер титиреди
- 3 недели мурун
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 30-октябрда түнкү саат 01:35те Ысык-Көл облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү, Кароол-Дөбө, Ананьево, Жаркынбаев айылдарында 3 балл Кичи-Өрүктү, Кожояр-Ата, Көк-Дөбө айылдарында 2,5 баллга жеткен. Ананьево айылынан 10 чакырым түштүк чыгышта, Каракол шаарынан 57 чакырым түндүк батышында чейин сезилген.
Ошондой эле кечээ, 29-октябрда саат 18:47де Ош облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айылында 2 баллга жеткен. Кара-Киндик айылынан 7 чакырым түштүктө, Сопу-Коргон айылынан 42 чакырым түштүк батышта чейин сезилген.
Алдын ала берилген маалыматтарга ылайык, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан