Кыргызстанда ыдык көрсөтүүгө каршы кампания башталды

Кыргызстанда ыдык көрсөтүүгө каршы кампания башталды. Иш-чаранын максаты ыдык көрсөтүүнүн түрлөрү жана мындай учурларга кабылганда, кантип коргонуу керектиги тууралуу коомчулукка маалымдоо болуп саналат.

Кыргызстандагы аял-соттордун ассоциацисынын иликтөөлөрүнө караганда, ар бир төртүнчү аялзаты ыдык көрсөтүүгө дуушар болот.

«Ыдык көрсөтүү зомбулуктун бир түрү болуп эсептелет. Мындай зомбулукка биринчи кезекте кыздар жана аялдар туш болушат. Ыдык көрсөтүү жумушта, транспортто жана башка коомдук жайларда көрсөтүлөт. Бул адамдын көңүлүн калтыруу, кемсинтүү, жеке чек арадан өтүп кетүү болуп саналат» дейт кампанияны уюштуруучулар.

Ыдык көрсөтүүгө каршы кампанияны жайылтуу үчүн ыдык көрсөтүү, куугунтук тууралуу видеороликтер даярдалууда. Сүрөтчү Татьяна Зеленская бир катар сүрөттөрдү тарткан.

Ыдык же сексуалдык асылууга кабылган кыз-келиндер көпчүлүк учурда коомчулук тарабынан терс кабылданып, “өзү күнөлүү” деген стереотип мындай терс көрүнүштөрдүн жабылып калышын шарттайт.

Тилекке каршы, Кыргызстандын мыйзамдарында “ыдык көрсөтүү” белгиленген эмес.

2021-жылы VI чакырылыштын айым депутаттарынын демилгеси менен жумуш ордундагы ыдык көрсөтүүдөн коргоо боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген.

Эгерде ал мыйзам ишке кирсе, иш берүүчүлөр кызматкерлерди жумуш ордунда ыдыктан коргоо үчүн коопсуз эмгек шарттарды түзүп берүүгө жоопкерчиликтүү болушат.

Сүрөттөрдү тарткан: Татьяна Зеленская

Кыргызстанда ыдык көрсөтүүгө каршы кампания башталды
Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты