Кыргызстанда ТикТокко чектөө киргизилери айтылууда

  • 3 месяца мурун

Кыргызстанда ТикТокко чектөө киргизилери айтылууда. Бул тууралуу бир топ маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Анда Санарип министрлигине караштуу байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өлкөнүн интернет-провайдерлерине TикТок социалдык тармагына кирүүнү чектөөнү суранган кат жолдогону айтылды.

Былтыр 30-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда ТикТокту колдонууга тыюу салган чечим кабыл алган. Мекеме буга соңку учурда бул социалдык тармак балдардын психикалык өнүгүүсүнө, саламаттыгына терс таасир тийгизип жатканына кабатырланган кайрылуулар көбөйгөнүн негиз кылган. Бул чечимди ишке ашыруу үчүн Санарип өнүктүрүү министрлигине кат жөнөтүлгөнүн кошумчалаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты