Кыргызстанда сөөк чучугун аутологиялык трансплантациялаган маанилүү операция жасала баштады

  • 2 месяца мурун

2-августта Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Оштон келген Ходжин лимфомасы (ред. рак оорусу) менен ооруган 14 жаштагы Б.М.Ж. аттуу бейтапка сөөк чучугун аутологиялык трансплантациясы башталып жаткан ооруканага барды. Операция Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жасалат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.

Алымкадыр Бейшеналиев: “Бүгүн Кыргызстанда балдар онкологиясын өнүктүрүүнүн маанилүү учуру болуп саналат. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жилик чучугун аутологиялык трансплантациялоонун башталышы рак илдети менен ооруган балдарды дарылоо үчүн жаңы горизонтторду ачат. Биз бул алдыңкы технологияларды ишке киргизүү кичинекей бейтаптарыбыздын сакайып кетүү мүмкүнчүлүгүн бир топ жогорулатат», — деп билдирген.

Маалыматка ылайык, сөөк чучугун алмаштырууга дагы эки бейтап химиотерапия курстарын аяктагандан кийин даярдала баштайт. Бул операцияны жасоо үчүн дарыгерлер менен лаборанттар Түркияда окуудан өтүп келишкен. Ошондой эле, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда ооруну дарылоонун натыйжалуулугун болжолдоого мүмкүндүк берүүчү, шишиктин антигендик түзүлүшүн жана лейкоз клеткаларынын түрүн аныктоочу уникалдуу аппарат иштээри айтылды.

Мекеменин маалыматында, сөөк чучугунун аутологиялык трансплантациясы – бейтаптын өзүнүн өзөктүү клеткаларын колдонгон заманбап жана эффективдүү дарылоо ыкмасы. Беш курс химиотерапиядан өткөн бейтапка жасалуучу бул маанилүү операция ага толук сакайып кетүүгө үмүт берет.

Сүрөт: Интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты