Кыргызстанда эгемендиктин 31 жылдыгы белгиленүүдө

  • 2 года мурун

Бүгүн, 31-августта Кыргызстанда эгемендиктин 31 жылдыгы белгиленет.

Буга карата негизги майрамдык иш-чаралар Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда өтөт. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, эл аралык жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышат.

Бишкек шаардык мэриясы «Ала-Тоо» аянтында кечки саат 19:30да чоң концерттин программа болорун билдирди.

Жогорку Кеңеш 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыялаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты