“Кыргызстан Ысык-Көлдөгү 4 пансионатты Өзбекстандын менчигине өткөрүп берди”. Текшеребиз 

“Фергана” сайты Ысык-Көлдөгү төрт пансионат 49 жыл ижарага эмес, белек катары берилип кетти деген маанидеги маалымат таратты. “ПолитКлиника” бул маалыматты текшерип көрдү.

2024-жылдын 23-сентябрында Кыргыз өкмөтү №581 токтомун кабыл алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну бекитти. Бул макулдашууну Өзбекстан дагы бекитти.

2024-жылдын 18-июлунда Ташкент шаарында кол коюлган макулдашууга ылайык, Ысык-Көлдө жайгашкан “Рохат”, “Золотые пески”, “Дилором”, “Бустон” пансионаттарындагы имараттар жана курулуштар Өзбекстандын менчигине өткөрүлөт. Ал эми жер тилкелер Кыргызстандын менчигинде калат. 

Ошондой эле, макулдашууда Өзбекстан тарап имараттарды жана курулуштарды үчүнчү жактарга сатууга укугу бар деп жазылган. Бирок Кыргызстан тарап үчүнчү жактарга караганда объекттерди сатып алууга артыкчылык укугуна ээ экени көрсөтүлгөн. 

Макулдашуу боюнча, Өзбекстанга эл аралык стандарттарга ылайык үч жылдыздуу мейманкана комплекстерин түзүү үчүн объекттерди реконструкциялоо милдеттемелери жүктөлгөн. Ошондой эле, Өзбекстан тарап объекттерди эксплуатациялоодо Кыргызстандын жарандарын 80%дан кем эмес өлчөмдө тартуусу керек жана Кыргызстандын жарандарынын пляждык аймактарга тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылышат. 

Эске салсак, 2016-жылы ошол кездеги премьер министр Темир Сариев аталган пансионаттарды мамлекеттин менчигине кайтарган. Буга Өзбекстан тарап макул болбой, эл аралык арбитражга кайрылган. Мындан улам кийинки премьер министр Сапар Исаков кайрадан Өзбекстан тарапака кайтаруу чечимин кабыл алган. Бирок белгисиз себептерден аталган пансионаттар Өзбекстан тарапка өткөн эмес. 

Кийин арбитраждык териштирүү процесси жанданып, 2023-жылдын 17-майында чечим чыккан. Арбитраж Кыргызстанды 35 млн доллар төлөп берүүнү милдеттендирген. Ошол эле жылы, Кыргызстан менен Өзбектсан ортосунда сүйлөшүүлөр жүрө баштаган. Аны менен бирге, тараптар арбитраждык чечимди жокко чыгаруу боюнча өтүнүч келтиришкен. Жыйынтыгында эки тараптуу макулдашуу түзүлүп,  2024-жылы эки өлкө ага кол койду. 

Жыйынтык: Ысык-Көлдөгү “Дилором”, “Бустон”, “Золотые пески”, “Рохат” пансионаттарындагы имараттар жана курулуштар Өзбекстан тарапка менчикке өткөрүлүп берилгени чын. Өзбекстан имараттарды жана курулуштарды үчүнчү жактарга сата алат. Бирок Кыргызстан тарап үчүнчү жактарга караганда объекттерди  сатып алууга артыкчылык укугуна ээ болот. Ал эми жер тилкелери Кыргызстандын менчинде болот. 

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты