Кыргызстан Түркияга дарыгерлер тобун жөнөтөт

  • 1 год мурун

Кыргызстандан Түркияга жер титирөөдөн жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн дарыгерлер тобу барат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Ведомстводон билдиришкендей, жогорку деңгээлдеги нейрохирург, травматолог, реаниматолог-анестезиолог, кан тамыр хирургу, жалпы хирургдардан турган квалификациялуу адистердин командасы даярдалган.

Дарыгерлер Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көчмө ооруканасында иштешет.

Дарыгерлер өзгөчө кырдаалдарда медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон дары-дармектер жана тигүүчү материалдар менен камсыздалат.

Ошондой эле Түркияга дары-дармек жана медициналык буюмдар түрүндөгү гуманитардык жүк жөнөтүлөт. Мындан тышкары, медицина кызматкерлери Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга бир күндүк эмгек акыларын которушат.

Белгилей кетсек, 6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4 (7,6-7,7)  баалга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген . Андан соң Адана, Анкара, Анталья,  Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.

10-январга катара Түркияда зилзалада каза болгондордун саны 18 миңден ашканы маалым болду. 74 242 киши жабыркап, 6444 имарат талкаланды.

Reuters кабарлагандай, коңшу Сирияда өлгөндөрдүн саны 3480 кишини түздү. Сириянын мамлекеттик басылмалары билдиргендей, 298 миң киши үй-жайсыз калды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты