Кыргызстан менен Монголиянын биринчи айымдары жолугушту

  • 4 недели мурун

Монголиянын борбору Улан-Батордо өтүп жаткан «Жашыл келечек жолунда» Бүткүл дүйнөлүк аялдар форумунда Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова менен Монголиянын биринчи айымы Лувсандоржийн Болорцэцэг жолугушту. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жолугушууда биринчи айымдар эки элдин ортосундагы достук жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо тууралуу сүйлөшүшкөн.

Лувсандоржийн Болорцэцэг Кыргызстандын Биринчи айымы менен жылуу учурашып, Айгүл Жапаровага Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун колдоосу астында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк аялдар форумуна катышууга чакырууну кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирген. Ал тараптар эки өлкө ортосундагы салттуу достукту мындан ары да бекемдей берээрине ишенимин билдирген.  
 
«Өз кезегинде Айгүл Жапарова аталган форумга катышууга чакыргандыгы үчүн, ошондой эле дос Монгол жергесинде кыргыз делегациясына көрсөтүлгөн жылуу меймандостугу үчүн терең ыраазычылыгын билдирди»,-деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты