Кыргызгидромет эскертет: Тоолуу райондордо жана ашуулардагы автожолдорго кар көчкү түшүүсү мүмкүн

  • 2 года мурун

3-январдан 5-январга чейин күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана  ашуулардагы автожолдорго көчкү түшүшү мүмкүн. Мындай билдирүүнү Кыргызгидромет агенттиги таратты.

 «Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу жолунун 55-107-чакырымында, Ала-Бука — Каныш-Кыя жолунун 68-101-чакырымында (Чапчыма ашуусу) жана Красная-Горка — Акташ автоунаа жолунун 1-4-чакырымында көчкү түшүп, күрткү жаралышы мүмкүн. Жолдор тайгалак болуп, муз тоңот», — деп айтылган маалыматта.

Кыргызгидромет агенттиги эскерткендей, жолго чыккан айдоочулар коопсуздук эрежелерин сактап, автоунаалардын арасында 500 метр аралык сакталышы керек. 

Белгилей кетсек, 3-январда саат 13:45те Бишкек-Ош жолунун 123-124-чакырымына (Төө-Ашуунун Бишкектен бара жаткан жагы) кар көчкү түшүп, жолду жаап калган. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, адистер карды тазалап, жолдун бир тилкеси ачылды.

Министрлик Төө-Ашуунун түндүк тарабында кар күрткүсү байкалганын эскертти. Буга байланыштуу Сосновка өткөрмө бекетинде жүк ташуучу унааларга аба ырайы турукташканга чейин чектөө киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты