Төө-Ашууда кар көчкү түшүп, жолду жаап калды

  • 2 года мурун

Бүгүн, 3-январда саат 13:45те Бишкек-Ош жолунун 123-124-чакырымына (Төө-Ашуунун Бишкектен бара жаткан жагы) кар көчкү түшүп, жолду жаап калды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, адистер карды тазалап, жолдун бир тилкеси ачылды.

Министрлик Төө-Ашуунун түндүк тарабында кар күрткүсү байкалганын эскертти. Буга байланыштуу Сосновка өткөрмө бекетинде жүк ташуучу унааларга аба ырайы турукташканга чейин чектөө киргизилди.

Кыргызгидромет борбору 3-5-январь күндөрү аба ырайы туруксуз болорун, айрым жерлерде кар көчкү жүрүшү мүмкүн экенин билдирген.

Жолдо автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы керектигин эскерткен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты