«Кыргызфармация» ишканасына 1 млрд сом бөлүндү

  • 1 год мурун

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына 1 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Каражат Министрлер кабинетинин ушул жылдын 21-июнундагы тескемесинин негизинде бөлүнгөн. Ага дары-дармек жана медициналык буюмдар сатып алынат.

Президент Садыр Жапаров өткөн аптада өлкөнүн саламаттык сактоо тармагынын актуалдуу маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөргөн. Анда мамлекет башчысы «Кыргызфармация» ишканасына толук кандуу иштөө жана өндүрүш заводдору менен жаңы келишимдерди түзүү үчүн каражат толук бөлүнбөгөнүн сынга алган. Бул боюнча Каржы министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине жана Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна тапшырма берип, ал аткарылбаса, тартиптик мүнөздөгү катуу чаралар көрүлөрүн кошумчалаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты