Садыр Жапаров «Кыргызфармация» ишканасына толук каражат берилбегенин сынга алды

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров 16-июнда «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасын түзүү жана Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк достук ооруканасынын базасында ички органдарды трансплантациялоону уюштуруу маселелери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Кеңешмеде «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасын түзүү боюнча баяндама жасалып, анда ишкананы уюштуруу иштери аяктаганы, дары-дармек каражаттарын өндүрүү боюнча жети чет өлкөлүк завод менен келишим түзүлгөнү маалым болду.

Маалыматка ылайык, аталган ишкананы түзүү үчүн 30 млн сом мамлекеттик насыя алынган.

Ошондой эле бул ишкананын ишке кириши менен өлкөдөгү дары-дармектерге болгон муктаждыктын 10 пайызы жабылары белгилүү болду.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына толук кандуу иштөө жана өндүрүш заводдору менен жаңы келишимдерди түзүү үчүн азыркыга чейин бюджеттен жетишерлик каражат бөлүнбөгөнүнө нааразы болду.

Садыр Жапаров белгисиз себептерден улам каражат бөлүүнү создуктуруп жаткан Каржы министрлигин, Саламаттык сактоо министрлигин жана Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун сынга алды.

«Эгер казынада акча жок болсо, мен дагы түшүнүү менен мамиле кылмакмын, бирок бош акча каражаттары бар да, биз аны алгач ушул мамлекеттик ишканага бөлүп берүүнү пландаганбыз. Эмне үчүн силер тоскоолдук кылып, алардын нормалдуу иш башташына жол бербей жатасыз. Алар жети гана дары чыгаруучу завод менен келишим түзүшүп, муктаждыкты 10 пайызга гана жапты, бирок тапшырма 100 пайыз, деп берилген. Бирок ошондо да үнөмдөө 115 млн сомду түзөт. Бул эмне жаманбы? Биз мамлекеттик дарылоо мекемелерин, калкты жеткиликтүү баадагы дары-дармектер менен камсыз кылуу боюнча мамилени толугу менен өзгөрткүбүз келет. Өндүргөн заводдордон түз жеткирүүлөрдү ишке ашыруунун эсебинен медициналык препараттардын наркынын төмөндөшүн күтүп жатабыз, бирок силер өз аракеттериңер менен бул процессти  эртелетпей, жайлатып жатасыңар. Мамлекеттик ишканага шашылыш түрдө 1 млрд сом бөлүп берүү үчүн силерге бир жумалык мөөнөт берилет«, — деди Жапаров.

Ал эгер бул талаптар аткарылбаса, тартиптик мүнөздөгү катуу чаралар көрүлөрүн кошумчалады.

Садыр Жапаров «Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасын түзүү саламаттык сактоо тармагындагы системалык реформалардын бир бөлүгү болуп саналарын жана мамлекеттик саясаттын башкы максаттарынын бири – дары-дармектер рыногундагы фармациялык мафияны жоюу, дарынын калк үчүн баасын төмөндөтүү, ошондой эле медициналык препараттардын тартыштыгына жол бербөө экенин айтты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты